Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Индия терракт жасагандарды катуу жазалайт


Мумбаи шаарында террордук чабуулдарды уюштургандарды жазалоо үчүн бардык чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Манмохан Синх билдирди. Кечээ бир нече террордук чабуулдардан 120 адам набыт болуп, 300гө жакын киши жаракат алды. Манмохан Синх чабуул уюштурган согушкерлер тыш өлкөдөн келгенине көңүл буруп, Индия коңшу өлкөлөрдүн Мумбайдагы сыяктуу чабуулдарды уюштурган террорчуларды калкалоосун үнсүз карап тура албайт деп эскертти. Индиянын коопсуздук күчтөрү согушкерлер жашырынган эки мейманкананы өз көзөмөлүнө алууга аракет жасап жатышат. Автоматтар жана гранттар менен куралданган согушкерлер беш жылдыздуу эки мейманкана, борбордук темир жол бекети, шаардык оорукана, чет элдиктер арасында белгилүү ресторан болуп, жети жайды бутага алышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG