Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ооганстандагы жардыруу төрт адамдын өмүрүн алды


Ооганстандын ордо калаасы Кабулда АКШнын элчилигинин жанында миналанган унаанын жарылуусунан төрт тургун набыт болуп, дагы 20га жакын киши жаракат алды. Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Земарай Башарынын айтымында, жанкечти унаанын ичин жардыргыч заттар менен толтуруп, эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн унаалары өтүп баратканда өзүн жардырып жиберген. АКШнын элчилигинде улуттук майрамга карата эч ким болбогондуктан кызматкерлер арасында жабыркагандар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG