Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

ИИМдин Шаботоев тууралуу тараткан кабары талаш жаратты


Жогорку Кеңештин дайынсыз жоголгон депутаты Руслан Шаботоевди көрдүм деп билдирген Нурлан Жумашевдин айтканы жана аны суракка алуу жөн гана элди алаксытуу. Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов билдирди. Анын айтымында, жарык өчүп, жашоо кымбаттап турган чакта бийлик элдин кыжырдануусун басаңдатуу үчүн ушундай кадамдарга барарынан шек жок. Ошону менен бирге мындай билдирүү Шаботоев менен Амиржановду эки айдан бери издеп жаткан Ички иштер министрлигинин, Чегара кызматынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин ишин жокко чыгарууну билдирет дейт Бакыт Бешимов. Кечээ Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Руслан Шаботоевди Нурлан Жумашев деген айдоочу 26-ноябрда көрдүм деп айткандыгын, ал маалыматтын негизинде Шаботоевду издөө күчөтүлгөнүн билдирген.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG