Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Индия: Мумбайдагы тирешүү дале уланууда…


Индиянын Мумбай шаарында уюмдашып жасалган чабуул 100дөн ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирди, 300дөй адамды жарадар кылды.

Премьер-министр Манмохан Синх террордук чабуул үчүн жооптуу адамдарга жазасын берүү үчүн коопсуздук күчтөрүн зарыл чараларды кабыл алууга чакырды. Дүйнө лидерлери, Еврокомиссия террордук чабуулду айыпташты. АКШ террорчулар менен күрөштө Индияга жардам бермек болду.

Автоматтар жана гранттар менен куралданган адамдар Индиянын финансылык жана туристтик борборуна шаршемби күнү чабуул жасашты. Алар беш жылдыздуу эки мейманкана, борбордук темир жол бекети, шаардык оорукана, чет элдиктер арасында белгилүү ресторан болуп, жети жайды бутага алышты.

Аялы согушчандардын огунан жараат алган индус калабалуу окуяны Ройтерс агенттигине мындайча сүрөттөйт:

- Мен алты киши менен темир жол бекетинде тургам. Жанымда мени менен кыштакка бараткан энем да бар эле. Биз экспресс-поездди күтүп жатканбыз. Капылеттен эле менин жүгүмдөн бир-эки кадам жерде бомба жарылды. Мен багажды жана жанымдагы аялымды көздөй чуркадым. Ошол тушта аялыма ок тийип, жарадар болду.

Индия полициясынын маалымдашынча, 10-12 чамалуу террорчу дале «Трайдент- Оберой» мейманканасынын ичинде жашырынууда. Санжыргалуу мейманканада ондогон адамдар, анын ичинде четэлдиктер да бекинип отурушат.

Бейшемби күнү таң эртең Индиянын коопсуздук күчтөрү «Тажы Махал» мейманканасына чабуул коюп, барымтада кармалып жаткан бир топ адамды бошотту. Бирок, атактуу мейманкананын бөлмөлөрүндө баш пааналап жаткан адамдар бар деп болжолдонууда. Эки көрөсөн мейманканада барымтада кармалгандардын арасында АКШ, Британия, Италия, Швеция, Канада, Йемен, Жаңы Зелландия жана Израилдин жарандары болду.

Согушчандар индиялык 84, четэлдик 6 жарандын, полициянын 14 кызматкеринин өмүрүнө зобун болгонун, террорчу деп шектелген төрт адам жок кылынганын жергиликтүү полиция тастыктады.

Индиянын премьер-министри Манмахон Синх бейшемби күнү жалпы элге жасаган телекайрылуусунда чабуул жакшылап уюштурулганына, алар тыш өлкөдөн келгенине көңүл бурду. Ошондой эле Индия коңшу өлкөлөрдүн Мумбайдагы сыяктуу чабуулдарды уюштурган террорчуларды калкалоосун үнсүз карап тура албайт, деп эскертти Синх.

Мумбайдагы кол салуулар үчүн жоопкерчиликти беймаалым эле «Деккан мужахиддери» деген топ өзүнө алды. Алардын өкүлү бейшемби күнү «Трайдент-Оберой» мейманканасынан Индия телевидениесине телефон чалып, өлкө абактарындагы бардык ислам согушчандарына эркиндик берүүнү талап кылды.

Дүйнө лидерлери, Еврокомиссия террордук чабуулду айыпташты. АКШ террорчулар менен күрөштө Индияга жардам бермек болду.

XS
SM
MD
LG