Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Ноокатта тополоң салгандар 9-20 жылга кесилди


Бүгүн ош облусттук соту Ноокатта айт күнү массалык баш аламандык уюштурду, акимчиликтин имаратын таш бараңга алды, деп айыпталган отуз эки адамга өкүм чыгарды. Күнөөлөнүп жаткандардын ону жыйырма жылга эркинен ажыратылды. Бир жашы жетелек өспүрүмгө тогуз жыл берилди. Калгандары 16-19 жылга кесилди. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевдин билдиришинче, айыпталгандардын туугандары жана адвокаттары сот чечимине нааразы болуп жогорку инстанцияларга кайрылганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG