Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Милиция Р.Шаботоевге окшош адамды тапты


26-ноябрда байланыш агенттигинин жетекчиси К.Кыдыралиевдин айдоочусу Н.Жумашев Бишкектин Горький көчөсү менен Ж-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинен Руслан Шаботоевди “Мерседес-600” үлгүсүндөгү 98-89 же 89-98 номурлуу автоунааны өзү жалгыз айдап баратканын көргөнүн тартип коргоо кызматкерлерине айткан. Милициянын ыкчам иликтөө иш чарасынын негизинде В98-99Р мамлекеттик номурдагы “Мерседес-600” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Улан Шамшидинов кармалган. Анын бет түзүлүшү, бою, сырткы келбети дайынсыз жоголгон Р.Шаботоевге куюп койгондой окшош болуп чыккан. Сураштыра келгенде У.Шамшидинов депутат Руслан Шаботоев менен тааныштыгы жоктугун айткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда дайынсыз жоголушкан Р.Шаботоевди жана Б.Амиржановду издөө иштери улантылууда. Аларды издөөгө Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан 1300 гө чукул милиция кызматкерлери тартылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG