Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Укук коргоочулардын акциясына уруксат берилген жок


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун кабарлашынча, аталган уюм 26-ноябрда Бишкектин Биринчи май район жетекчилигине “Жашоону колдогон шаарлар” аттуу акцияны “Ала-Тоо” аянтында өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган. Бирок район башчылыгы мэриянын токтомуна таяп бул иш-чараны өткөрүүгө уруксат берген жок. 2006 жана 2007-жылдан бери өткөрүлүп келаткан бул акцияга Акыйкатчы, кылмыш-жаза мыйзамдардын жумшарышы үчүн күрөшкөн уюмдардын өкүлдөрү, адам укугуна кайдыгер карабаган шаар тургандары катышканы жаткан, деп айтылат “Жарандар коррупцияга каршы” уюму бүгүн тараткан билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG