Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

"Коммунизм"- “Кеминизм”, азыр “оомийинизм” келдиби?


“Кыргыз руху” гезити баяндамачы Мамат Раимжановдун “Белимчилик” аттуу макаласын жарыялады. “Ачык саясат” гезитине Балыкчы шаарынан Турсунбек Сактанов аттуу автордун президент Бакиевге кайрылган каты басылды.

“Кыргыз руху” гезити баяндамачы Мамат Раимжановдун “Белимчилик” аттуу макаласын жарыялады. Макала өткөн бийликти так өзүндөй туурап келаткан азыркы бийлик жөнүндө сөз кылган. Анын бир жеринде автор: ”Эмне үчун Адылбек Бакиев, Марат Бакиев, Каныбек Бакиев жөнүндө ушак-айыңдар айтылбайт да, Акмат жана Жаныш Бакиевдер, өзгөчө Максим Бакиев тууралуу күбүң-шыбың кептер тынбай айтылат?

Жалал-Абаддагы Акмат Бакиев кыска убакыттын ичинде кайсыл каражатына хан ордолорду курдуруп, Кудаяр ханчасынан ит уруштуруп, жасалма мергенчилик үчүн Серүүн тоосуна фазендаларды куруп жатат? Ал ушундайле ишкер экен мурун эле куруп салбайбы. ...Бакиев Акаевдин изин үтүр, чекитине чейин жаза баспай туурап келатат. Бакиев Акаевдин жегендерин кустургусу келбейт. Анткени ал Акаев жасагандардын баарын андан да ашыра жасап жатканы анык болду” деп жазды.

Ушул эле гезит какшык-чыны аралаш Т. Усубалиев доорун “коммунизм”, А. Акаев доорун “кеминизим”, ал эми Бакиев доорун “оомийнизм” доору деп мүнөздөп, Усубалиев доорунда эл жыргап жашап, май көл, сүт көл орноп турса, Акаев доорунда завод-фабрикалар, колхоз-совхоздор таланып-тонолуп жок болгонун, ал эми Бакиев доорунда Ильич шамы, Токтогул ГЭСи, Бишкек ТЭЦи, Бишкекжылуулук тармагы оомийин болгону калганын кеп кылды.

“Ачык саясат” гезитине Балыкчы шаарынан Турсунбек Сактанов аттуу автордун президент Бакиевге кайрылган каты басылды. Үзүндү келтире кетели. “Сиздин элди тезек терип кыштан чыгууга үндөгөнүңүз сиздин маданиятыңыздын өтө төмөндүгүнөн кабар берет. Айтыңызчы, өнүгүүнүн доору болгон ХХ1 кылымда дүйнөнүн кайсыл өлкөсү тезекти жылытуу системасы катары колдонуп жатат? Бул 1-ден элди мазактоо, өз өлкөсүн жана элин сыйлабагандык. Бир эле мисал, суунун башы болуп туруп, энергия кризисин баштан кечирип жатканыбыз сиздин жана сиздин кол алдыңыздагы жеп-жутарлардын элдин камын ойлобогондугунан кабар берет. Урматтуу президент! Учурда сатыкка коюлуп жаткан бир катар мамлекеттик жылуулук берүүчү ири ишканалардын сатылышына бөгөт коюп токтотпосоңуз сизди Манас атабыздын арбагы кечирбейт. Каркыраны сатканда элдин ичинен кан өтүп кала берген, эми мында эл чыдабайт,”- деп айтылат анда.

“Жаңы ордо” гезити “Нуралыктар Камчыбек Ташиевге ырхамат айтышат”, “Ала Тоо аянтындагы “тамада” аталган Мелистен Атамбаев менен Текебаев неге качат?”, “МЧС мэрликке барабы?”, “Президент элдин каргышына калган Балыкбековду кызматтан кетирип туура кылды”, “Атамбаев кайсы “козелго” кошулду” деген чакан кабарларды окурмандарына сунуш кылды.

“Жаңы кылым” гезитинин бүгүн жарык көргөн саны “Жаңы Кыргызстан” саясый партиясынын Ысык-Көл, Талас, Ош, Чүй, Баткен облустук бөлүмдөрүнөн жөнөтүлгөн кайрылуулар жана партиянын өзүнүн саясый кеңешинин президент Бакиевге билдирүүсү менен чыкты.

Маселен партиянын 10 миңден ашуун мүчөлөрү Баткенден жөнөткөн кайрылууда минтип айтылат: “Мезгилинде бийликтин алмашуусуна жалгыз биздин партия чоң салым кошконун бүгүнкү бийлик унутуп калдыбы? Биз унута элекпиз, керек болсо, кайрадан эске салууга да күчүбүз жетерин унутпаңыздар. Күч колдонуу, кысымга алуу менен бизди эчким майтаралбпайт. Бийлик үчүн түзүлгөн партиядагылар өз жолдошун таштап кетиши мүмкүн, биз күч органдары тарабынан Макеев Керимди эч качан кордукка таштабайбыз. Керек болсо үнүбүздү билдирип, акцияларды уюштура турган болсок, чокоюн унуткан бийликтин шаштысын аларыбызды эскертип коелу. Бул иш боюнча мындан ары да биздин партияны ар тараптуу кысымга алуу токтотулбаса биз бардык нерсеге даяр экенибизди эсиңерге салып коюуну чечтик”.

Жогоруда эскерткендей мындай кайрылууларга улай эле “Жаңы Кыргызстан” партиясынын президентке билдирүүсү да жарыяланды. Анын аягында: “Эгерде бийликтин кемчиликтерин айтып чыккандарды ушундай жол менен басуу улантыла турган болсо, анда “Жаңы Кыргызстан” саясый партиясы укук коргоо органдарынын мындай кызматкерлерине каршы өлкө боюнча саясый акцияларды өткөрүүнү баштайт” деп жазылган.

“Агым” гезит Казакстанын миграциялык полициясы Астанада иштеп аткан кыргызстандыктарды куугунтукка алып жатса, Казакстандагы кыргыз элчилиги өз жарандарынын бузулган укугун коргоп алууга алсыз болуп турганын кабарлады. Гезит ошондой эле УТРКнын баш деректири Мелис Эшимкановдун “Улуттук канал акыры оңолот... Улуттук оппозициячы? Деген интервьюсун тартуу кылды.

Мелис кеп оролунда” Түпкүлүгүндө баса белгилейин, президент Бакиевге ыраазымын-ал мага мыкты сыноо берди. Тирукмуш казанда кайнатты” деп айтып, улуттук 1-каналдын жасап жаткан иштерин, андагы акыркы окуялар тууралуу аңгеме курган.

Ушул эле гезиттин суроолоруна “Интербилим” эларалык борборунун деректири Асия Сасыкбаева “Эртең өтө турган курултайда элге мындан ары өлкөдө кандай система менен жашоо керектигин тааныштырабыз, президентке болсо мартка чейин мөөнөт бергени жатабыз. Эгер мартка чейин аны ишке ашырбаса, башка чараларга барабыз. Балким ревкомдун талаптарына кошулушубуз мүмкүн” деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG