Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Элдик курултайга жалалабаттыктар да катышат


Оппозициянын эртеңки курултайына катышмак болгондордун алды - 10 киши Бишкеке жетти, дагы 15 адам жолдо келатат. Аларга «Ата Мекен» партиясынын Таш-Көмүр, Жалал-Абат, Аксы, Ноокен аймактарындагы мүчөлөрү да кошулушу ыктымал. Бул тууралуу уюмдун жооптуу катчысы Асылбек Текебаев борбордон, “Асаба” партиясынан Кубаныч Маматкеримов райондун айыл өкмөттөрүнөн бирден өкүл катышаарын Аксыдан телефон аркылуу кабарлашты. СДП партиясынын облустагы өкүлдөрүнө да курултайга келүүгө чакырык түшкөн. Алар бийликтин ишмердүүлүгүнө, үч жыл мурда берилген убадалардын аткарылбаганына нааразы. Сузак районундагы жарандар да коомдук парламентти жактап, жер тийбеген 129 адамдын өкүлдөрүн курултайга жиберишмекчи. Район акими Жусупбек Максуталиев курултайга эч ким барбай тургандыгын, жерге муктаж адамдар бийликти коркутуу үчүн ошентип айтып коюшса керек деген түкшүмөлүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG