Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Түрк ЖОЖдордо кыргыз студенттерге орундар көбөйөт


Түркиянын Тышкы иштер министри Али Бабажан кечээ президент Курманбек Бакиев менен жолукканда аталган өлкөнүн университтеринде жана аскер окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандык жаштар үчүн квотаны көбөйтүү каралып жатканын билдирди. Министр БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2009—2010-жылга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Түркиянын талапкерлигин колдогондугу үчүн кыргыз өлкөсүнө ыраазычылыгын айтты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, К. Бакиев түрк инвесторлорду туризм, айыл чарба, өнөр жай, гидроэнергетика, тоо-кен тармактарында ири долбоорлорду ишке ашыруу жигердүү катышууга чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG