Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Курултайдын максаты - улуу жолду табуу


Бишкекте “Акыйкат үчүн” кыймылы уюштурган элдик курултай ишин баштады. Курултайга социал-демократтар, “”Ата-Мекен”, “Ак Шумкар”, Улуу Биримдик" партияларынын мүчөлөрү жана жер-жерлерден өкүлдөр катышууда.

Орус драма театрында өтүп жаткан курултайга ошондой эле Революциялык кыймылдын башчылары Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев да катышууда. Курултайда учурдагы чыңалган саясий-экономикалык кырдаал талданып, Кыргызстандын өнүгүү концепциясы бекитилмекчи.

Алгачкылардан болуп трибунага чыккан “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев сөзүн Кошмо Штаттарында жакында өткөн президенттик шайлоону мисал келтирүүдөн баштады. Жаңы шайланган президент Барак Обама жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканын, мигранттын баласы болгонун, америкалык кыялдын эсебинен ийгиликке жетишкенин айтты. АКШнын демократиялык коомчулугунда талант болсо, билимдүү болсо ийгиликке жетсе болоору дагы бир тастыкталганы белгиледи.

Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда мындай болууга таптакыр мүмкүн эместигин айтты. Бакиевдин бийлиги маалында коррупция гүлдөп, пара бермейинче иш бүтпөй калганын баса белгиледи. "Элде үмүт үзүлүп, туңгуюкка кептелди",- деди Текебаев. Ушул жерге чогулгандар убагында жетектөөчү кызматтарда болгонун, саясий лидерлерге курултайда кыргызстандыктардын кыялы эмне экенин аныктап алууну сунуш кылды.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев азыр Кыргызстанда ата-бабалардан калган нукура мурасты, мекенди сактап калуу чоң маселе болуп турат, деп сүйлөдү. Өлкө экономикалык кризиске белчеден батканын айтты. "Элдин байлыгы кайсы бир топтун байлыгына айланды. Мунун баарына азыркы бийлик күнөөлүү, мындай бийликтин кереги жок",- баса белгиледи Т. Сариев.

"Эл мурунку бийликти бийликти сындап келсе, азыркысын каргап жатат",- деди “Улуу Биримдик” улутчул партиясынын лидери Эмил Каптагаев курултайда. Калк бийликтин айынан туңгуюкка кептелип, бирок андан чыгуунун жолдорун көрбөй жатканын айтты. Курултайдын максаты элге жол көрсөтүү экенин баса белгиледи. "Азыр мамлекет жок деп айтса болот, анткени түпкүлүктүү мамлекетте мыйзамдуулук өкүм сүрөт, бизде болсо мыйзам бийликтин өз куралына айланды", - деди Э. Каптагаев.

Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов курултайдын максаты - улуу жолду табуу экенин билдирди. Улуу жолго, улуу максатка жетүү үчүн ушул чогулгандар арасында жана элде ишенимди бекемдөө, бөлүнүп-жарылууну токтотуу зарыл. "Кыргызстанды талап-тоноп жаткан адамдар менен аралашып, алар менен кол алышып учурашып жатабыз, мындай адамдарга чыдап жүрсөк, өлкөбүз оңолбойт",- деди Бешимов.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев оппозициялык күчтөр уюштуруп жаткан курултайга өз баасын "Азаттыкка" мындайча билдирди. “Бийликке биз келсек эле “кой үстүндө торгой жумурткалайт” дегидей оппозиция өкүлдөрүнүн бирөөндө да сыйкыр таяк жок. Бийлик бүгүнкү күнү иштеп жатат. Экономикалык, социалдык жагдайда бир топ иштер аткарылып жатат. Аны эл көрүп – билип эле турат. Элдин бийликке болгон ишеними чоң. Бийликтин кемчилиги менен катар жакшы жагын да көрө албагандык – оппозициянын сокур саясаты,” – деди президенттин басма сөз катчысы. Анын пикиринде, оппозиция учурдагы жагдайлардын чыгуу үчүн алгылыктуу программалар иштеп чыгып, өлкөнүн келечеги үчүн жаңыча сунуштарды айтса, бул көнул бурууга арзымак.

XS
SM
MD
LG