Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Н. Шакиев: Оппозициянын сыйкыр таягы жок!


Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев "Азаттык үчүн" оппозициялык күчтөр уюштуруп жаткан курултайга өз баасын берди. “Бийликке биз келсек эле “кой үстүндө торгой жумурткалайт” дегидей оппозиция өкүлдөрүнүн бирөөндө да сыйкыр таяк жок.

Бийлик бүгүнкү күнү иштеп жатат. Экономикалык, социалдык жагдайда бир топ иштер аткарылып жатат. Аны эл көрүп – билип эле турат. Элдин бийликке болгон ишеними чоң. Бийликтин кемчилиги менен катар жакшы жагын да көрө албагандык – оппозициянын сокур саясаты,” – дейт президенттин басма сөз катчысы. Анын пикиринде, оппозиция учурдагы жагдайлардын чыгуу үчүн алгылыктуу программалар иштеп чыгып, өлкөнүн келечеги үчүн жаңыча сунуштарды айтса, бул көнул бурууга арзымак. (EK)

XS
SM
MD
LG