Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Оппозиция бийликке мартка чейин мөөнөт берди


Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймыл уюштурган Бишкектеги бүгүнкү Элдик курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады. Анда өлкөнү туура жолго салуу максатында сунуш кылынган башкы ыкма катары, таза саясий атаандаштык, бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы, оппозициянын ишердүүлүгүнө конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу, деп белгиленди. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы катары Кыргызстандын жаңы саясий системасынын концепциясы бекитилди. Мамлекеттеги ири энергетикалык мекемелерин менчиктештирүүгө каршылык билдирилди. Криминалдашкан жана авторитардык режимди колдоодон баш тартуу сунушу менен эл аралык коомчулукка жана уюмдарга кайрылуу болду. Президентке Элдик курултайда кабыл алынган жаңы саясий системанын концепциясын ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушу берилди. Эгер бул талаптар аткарылбаса К. Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн эрте жазда массалык нааразылык чаралар башталаары эскертилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG