Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

ОПЕК мунай баасынын төмөндөөсүн талкуулайт


Мунай экспортоочулардын ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөрдүн мунай министрлеринин бейформал жыйыны бүгүн Каирде өтүүдө. Анда кара майдын баасынын кескин төмөндөөсүнө каршы көрүлүүчү чаралар талкууланат. Мурдараак ОПЕКке кирген өлкөлөр мунай өндүрүшүн күнүн 1,5 миллион баррелге кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ага карабай баанын төмөндөөсү уланууда. Быйыл жайда эле кара майдын бир баррели 147 доллар болсо, азыр 55 доллардын тегерегинде.

Дүйнөнүн эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири – Сауд Аравиянын мунай министри Али ал-Найми бул жыйынды утурлай бүгүн мунайдын бир баррелинин баасын 75 долларга кайтаруу керектигин, бул адилет баа болорун билдирди.

ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөргө жана Орусияга дүйнөнүн мунай корунун 80%дан ашууну таандык.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG