Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Ирактын эң башкы динаятчысы коопсуздук келишиминен тынчызданат


Ирак шийиттеринин эң абройлуу динаятчысы, Улуу аятолла Али Хуссеин ал-Систани америкалык аскерлердин дагы үч жылга калуусуна жол ачкан коопсуздук келишимине карата камтамачылыгын бүгүн ачыктады. АКШ жана Ирак өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн коопсуздук келишимин, ушул бейшембиде Ирак парламентиндеги добуш берүүдө шийит, суннит, күрддөрдүн негизги саясий фракциялары жактырган болчу.

Бирок шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ал-Садрдын жактоочулары келишимди айыптап чыккан. Аятолла ал-Систанинин жардамчыларынын айтымында, ал бул талаштуу келишим өлкөгө туруксуздук алып келеби деп кооптонот. Келишим боюнча АКШ аскерлери Ирактын шаараларынын 2009-жылдын 30-июнуна, ал эми өлкөдөн биртоло 2012-жылдын 1-январына карата чыгып кетүүсү керек.

XS
SM
MD
LG