Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Өтүп бараткан жумада оппозиция Элдик курултайын өткөрдү. Бийлик кризиске каршы күрөшүн белгиледи. Дүйнөлүк кризистин айынан Россия Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыяны береби деген суроо чыкты.

Мунайга баа муңайткан Россия убадасын аткарабы?

Дүйнөлүк финансылык кризис өнүккөн мамлекеттерден баштап, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттерге чейин капшап өттү. Маселен, мунай жана газ сатуудан валюталык резерви 600 милилард долларга жакындап барган Россиянын резерви эки-үч айда кыскарып, ноябрь айынын ортосуна карай 453 миллиард доллар калып олтурат.

Мындай терс көрүнүштү мунайга баанын баррели 50 доллардын тегерегине түшүп калуусу ого бетер курчутууда. Орус өкмөтү келерки жылдын бюджети жылдагыдай профицит менен түзүлүш үчүн бир баррел мунай баасы 70 доллардын тегерегинде болушу керектигин билдирүүдө. А бирок баа андан төмөн кетүүдө.Орус өкмөтүн өзгөчө чочуткан жагдай дал ушул мунай баасынын кескин түшүп кетүүсү болуп жатканы маалым.

Мына ушул негизги финансылык киреше булагы тартыла баштаган Россия Кыргызстанга мурда убада кылган Камбар-Ата ГЭСтерин курууга 2 миллиард доллар насыяны бере алабы, Москванын убадасы күчүндө турабы деген суроолорду пайда кылууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров азыркы жагдайда кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүндүгүн белгилейт:

-Кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Бирок ал маселенин чечилишине таасирин тийгизбейт. Себеби мамлекет башчыларынын ортосунда келишимге жетишилген, - деген элчи мамлекет башчыларынын жетишкен макулдашууларын аткаруу үчүн учурда иштер жүрүп жатканын кошумчалады:

-Иштер жүрүп жатат. Биз Кыргызстан тараптан кат жибергенбиз. Анда ГЭСтерди курууга кандай жабдуулар керек, Россиянын кайсы заводдорунан алабыз дегендей кат жибергенбиз.

Бирок кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча көрүнүктүү иштер жүрүп жатканы байкалбайт.

Мындай шартта Кыргызстандын өзүнүн аракети керек дейт, Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов:

-Сырттан инвестиция өзүнөн-өзү келет, деп биз 18 жыл өзүбүз эч нерсе жасабай отура бергенбиз. Бул өзүбүздү-өзүбүз өлтүргөн менен барабар. Ошондуктан биз инвестиция күтүп отура бербей, өзүбүз аракет жасашыбыз керек. Ошол ГЭСтер түбөлүккө түгөнбөй агып турган бекер энергетикалык ресурска курулуп жатканын дүйнөгө айтып, ошол болочок гидроэнергетикалык станциялардын акцияларын чыгарып, дүйнөлүк фондулук биржаларга сатсак, бизге керектүү инвестиция келип, курулуш алдыга жылат. Ал ишке ашса биз Борбордук Азиядагы электр энергия боюнча эң негизги өлкөлөрдүн бири болуп калат элек. Тилекке каршы андай болуп жаткан жери жок.

Кризис кирип келатабы?

Кыргызстан акыркы мезгилде дүйнөлүк масштабдагы эки кризисти башынан кечирүүдө. Өткөн жылы башталган алгачкы кризисте азык-түлүккө баалар көтөрүлүп, карапайым калк анын зардабын ушул кезге чейин тартып келатат. Ал эми азыркы кезде тутанып турган дүйнөлүк финансылык кризис өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар базарында, фондулук биржаларында күч алып, бирок бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда арзан насыянын, инвестициянын жолун бууп, төлөм балансына терс таасирин тийгизип жатканы менен карапайым калкка түздөн-түз зыянын тийгизе элек.

Талдоочулардын пикиринде, келечекте ал эмгек мигранттарынан келип турган каражаттын кыскарышы, курулуштун басаңдап, инвестициянын азайышы менен терс жагдайды пайда кылышы ыктымал. Бирок кризистин Кыргызстан үчүн оң жагы да болуп, ал күйүүчү майлардын арзандашы менен байкалууда.

Кыргызстанды дүйнөлүк финансылык эмес, энергетикалык кризис кыйнап турат

Кыргызстан үчүн азыркы мезгилде дүйнөлүк кризис эмес, ички энергетикалык кризис оор болуп турат. Мына ушул чыныгы кризистен элдин көңүлүн кайсы бир деңгээлде кыргыз калкы үчүн мификалык болуп турган дүйнөлүк кризиске бурууну өкмөт көздөп жаткандай.

Дал ушул себептен да энергетикалык кризисттин себептерин, тармактагы коррупциянынын бетин ачуу үчүн депутаттык комиссия түзүүгө Жогорку Кенештеги “Ак жол” фракциясы каршы чыкты.

Президент болсо энергетикалык кризиске байланыштуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду кызматтан алып, бирок аны энергетиканын жүрөгү болгон Улуттук электр станциялар компаниясынын башчылыгына дайындап койду. Ал эми министрлик кызматка Илияс Давыдовду дайындады. Давыдов милиция кызматкерине 10 миң доллар пара берип кармалганы менен атагы чыккан жери бар эле.

“Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев бул кадрдык өзгөрүүлөргө мындай баасын берди:

-Биринчиден, Илияс Давыдов өзү профессионал киши. Ал эми 10 миң доллар пара берип кармалган деген сөз, чындыгында убагында укканбыз, кийинчерээк эмне менен бүткөнү билинбей калды. Ошол убакта эле гезиттерге жарыяланган, далилденген жок, ал өзүнчө кызыкдар тараптан жасалган акция деп укканбыз. Ал кишинин профессионалдык жагынан менин эч күмөнүм жок. Балкыбековду айтчу болсок, бул киши чындыгында берилген тармакты өз деңгээлинде алып баралган жок. Энергетика абдан чоң тармактын бири. Бирок ГЭС ага караганда тармактын ичиндеги кичинекей тармак. Балкыбеков бул тармакта көптөн бери эмгектенген жигит.

Оппозиция тараптан болсо энергетика тармагындагы кадрдык чечимдер энергомафиянын иши катары бааланды. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баасы мындай болду:

-Тилекке каршы биз энергомафия деп коебуз, анын өкүлдөрү көтөрүлгөндөн көтөрүлүп отурат, алар парламентке келип бакыйган чоң топ болуп отурушту, премьер-министр, министр ж.б. баардык ээлей турган жерлердин баарын ээлеп бүгүн дагы өлкөнүн экономикасын, саясатын көзөмөлдөп отурат. 2006-жылкы ноябрда констититуция кабыл алынганда бир топ депутаттар жок болуп кеткен, алар Ширшовдун үйүндө отургандыгын ошол кездеги төрага Марат Султанов жарыялаган. Ширшов анда силер ал конституцияга добуш бербейсиңер, мен жазып берген конституцияга добуш бересиңер деп, үйүндө 12 депутатты кармап отурган. Мына ошол Ширшовго баш ийип, кулдук уруп, үйүндө камалып барымтада отурган 12 кыргыз депутаты бүгүн президенттин алдында бакыйган постторду ээлеп, министр болуп, өкмөт мүчөлөрү болуп отурат. Мынакей биздин өкмөт дагы, парламент дагы энергомафиянын барымтасында калгандыгын, алардын кызматын кылгандыгынын ачык далилдеринин бири ушул.

Азыркы мезгилде өлкө үчүн да, өкмөт үчүн да эң татаал маселе - Токтогулдагы 9 миллиард куб метрдин тегерегиндеги суунун жазга жетпесинде болуп жатат. Энергетикалык таңсыкты жабуу үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын сатып алуу да кыйын болуп турат. Анткени Казакстан, Өзбекстан да электр энергиясын керектөөнү чектегени кабарланууда. Тажикстанда болсо Кыргызстандагыдан кыйын кырдаал түзүлгөн.

Оппозиция мартка чейин мөөнөт койду

Мына ушундай шартта оппозиция 29-ноябрда Бишкекте курултайын өткөрдү. Борбордогу орус драма театрында болгон курултайга бир жарым миңдей киши чогулду. Оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Бешимов, Азимбек Бекназаров сөз сүйлөдү. Коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу, кризис үчүн бийлик айыпталып, аны кызматтан кетирүү талаптары коюлду.

Талкуулардан соң Кыргызстандын бийлик системасын өзгөртүүнү караштырган Концепция кабыл алынды. Ал Концепцияда өлкөдө парламенттик бийлик системасын түзүү караштырылган. Оппозиция сунуштаган бийлик системасында негизги ролдо Жогорку Кеңеш болот. Ал 90 депутаттан туруп, анын баары партиялык тизме менен шайланат. Бирок кайсы партия болбосун 50дөн ашык депутаттык орунга ээ боло албайт. Башкача айтканда, эгерде кайсы бир партия 90% добуш алса да, 50 депутаттык орунга гана ээ болот. Калган 40 депутаттык орунду башка партиялар ээлейт. Жеңген партия өкмөттү түзөт. Өкмөт аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга жооп берет. Президенттин ыйгарым-укуктары кескин кыскартылып, ал бийлик бутактарынын келишпестиги пайда болгон учурларда арбитрдик ролду аткарат. Оппозиция мына ушундай бийлик системасын орнотууну бийликтен талап кылып, өзү да ошого умтулууда.

Курултайда андан сырткары жети пункттан турган чечим кабыл алынды. Анда мамлекеттүүлүктү, демократияны сактоо, Концепцияны жактыруу, “Түндүкэлектро”, “Бишкек жылуулук борбору” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларын менчиктештирүүгө каршылык, 2009-жылдын март айына чейин Концепцияны турмушка ашыруу боюнча бийлик тарабынан чараларды көрүү жана ал аткарылбаса, президентти кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруу белгиленген.

Оппозициянын бул талаптарын бийлик аткарышы мүмкүнбү? Бул суроо менен бийликтеги “Ак жол” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаковго кайрылдык. Анын жообу мындай болду:

-Ал жерде кандай чечимдер кабыл алынганын билбейт экенмин. Дүйнөлүк финансылык кризис, биздеги энергетикалык кризис булардын чырагына май тамызып жатат. Ушуну колдонуп, булар элди көтөрүп чыгарып жатышат. Бирок буларда жакшы сунуштар болсо карап көрсө болот.

Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов курултай өз максатына жетти деп билдирди:

-Курултай өз максатына жетти. Анткени курултайдын алдында үч милдет болгон. Биринчиден, азыркы кездеги саясий, финансы-экономикалык абалга баа берилиш керек эле, баа берилди. Жакшы талкуу болду. Биз бир тыянакка келдик. Азыркы учурда коррупцияга батып кеткен кыргыз бийлиги финансылык кризиске карата жакшы даярдык көрө албай жатканын белгиледик. Экинчи маселе, бул меморандумга кол койгондон кийин оппозиция күчтөрү бириккенги айкын болгон. Мына бүгүн дагы бир кадам жасалып, оппозициялык күчтөр бирдиктүү иш алып барды. Үчүнчүдөн, саясий тактикабыз боюнча бир бүтүмгө келишибиз керек эле, аны да тактап алдык. Биз бийликке мартка чейин мөөнөт койдук, эгерде мартка чейин биз сунуштаган чаралар каралбаса, анда мартта жалпы массалык саясий акцияларды өткөрөбүз.

Ошентип, бул апта бийликтин дүйнөлүк финансылык кризис менен күрөшүүсү, оппозициянын өз курултайын өткөрүүсү менен жыйынтыкталууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG