Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Элдик курултай максатына жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, курултайда ар кандай саясий күчтөр биригишип, эл алдына өз саясий программасы менен чыгышы, ошондой эле мындан ары бекем турабыз, бийлик сунуштаган кызматтарга барбайбыз деп элге убада бериши зор окуя. “ Мындай окуя мурда болгон эмес. Эми анын талаптары канчалык ишке ашаарын убакыт көрсөтөт. Бирок кандай болгон күндө да мындай иш чаралар саясий жараяндын ылдамдыгын, багытын өзгөртөт”, - дейт Өмүрбек Текебаев. Бириккен оппозициялык күчтөр кечээ Бишкекте Элдик курултай өткөрүп, Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын кабыл алуу менен андагы талаптарды аткарууга бийликке эмки жылдын мартына чейин мөөнөт берген. Курултайда эгер бул талаптар аткарылбаса анда эрте жаздан тарта президентти кызматтан кетирүү үчүн массалык каршылык чаралары башталаары айтылды. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG