Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Элдик курултайдын жыйынтыгы жер-жерлерде талкууланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, курултай негизинен өз максатына жетти жана буга чейин Биригүү меморандумуна кол коюшкан оппозициялык күчтөрдүн биримдигин дагы бир жолу тастыктады. Аликбек Жекшенкулов ошондой эле курултайда кабыл алынган өлкөнүн саясий системасынын жаңы концепциясы эмки жумада өлкө бийлигине жолдонушу күтүлүп жатканын кошумчалады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 1200 делегат чакырылган. Жыйынга жалпысынан бир жарым миңдей адам катышканы айтылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG