Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Францияда Кыргызстандын туризм тармагына арналган жыйын өттү


Франциянын Гренобль шаарында 29-ноябрда өткөн бул жыйында кыргыз туризмине байланышкан бир нече олуттуу жагдайлар каралды. Анда туристтердин агымын көбөйтүүдө Евробиримдиктин жарандары үчүн визалык төлөмдөрдү жокко чыгаруунун зарылдыгы боюнча маселе жандуу талкууну жаратты. Туризм жаатында Борбор Азия менен Франциянын ортосундагы алакаларды чыңдоого багытталган бул конференция, «Кыргыз-Француз кызматташтык ассоциациясынын» демилгеси менен Пьер Мендес Франс атындагы Гренобль университитинин колдоосунда өттү.(ES)

XS
SM
MD
LG