Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Таиланддан он миңдеген туристтер кете албай турат


Буга өлкөдөгү саясий кризис себеп болууда. Өкмөткө каршы демонстранттар башкалаа Бангкоктун эки аэропортун басып алышкандыктан улам, эл аралык каттамдар үзүгүлтүккө учурады. Кабарларга караганда, азыр Бангкоктон 100 миңдей турист чыга албай турат. Бул аралыкта граната жарылуусунан 50дөй демонстрант жаракат алганы кабарланды. Жарылуу өткөн түнү премьер-министрдин кеңсеси жайгашкан имараттын ичинде болгон. Ал жерди демонстранттар август айынан бери ээлеп турушат. Демократия үчүн Элдик альянс деген кыймылдын жактоочулары азыркы премьер-министр Сомчай Вонгсават жана анын өкмөтү 2006-жылы бийликтен кулалтылган премьер-министр Таксин Чинаватра менен байланышта болгону үчүн нааразы. Алар азыркы өкмөттүн отставкага кеишин талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG