Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Обама Хиллари Клинтонду Мамкатчылыкка дайындарын дүйшөмбүдө жарыялайт


Сенатор Хиллари Клинтон АКШнын жаңы администрациясында Мамлекеттик катчы болору буга чейин эле болжолдонуп жаткан. Эми шайланган президент Барак Обама бул тууралуу эртең расмий жарыяларын маалымат агенттиктери Демократиялык партиянын өкүлдөрүнө шилтеме жасоо менен кабарлашты. Ошондой эле кабарларга караганда, бул дайындоого жол ачуу үчүн Хиллари Клионтондун жубайы, мурдагы президент Билл Клинтон өз фондунун донорлорунун ысымдарын шардана кылууга макул болгон. Мындай кадам кызыкчылыктардын кагылышы бар же жок экендигин көргөзүү үчүн зарыл. Шайланган президент Барак Обама жана анын администрациясы кызматына расмий түрдө 20-январда киришет.

XS
SM
MD
LG