Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Нигериядагы кагылышта жүздөгөн адам каза тапты


Кабарларга караганда, мусулмандар менен христиандардын ортосундагы бул кагылышта мындан сырткары дагы миңдеген адам үй-жайын таштай качууга арагасыз болгон. Үйлөрдүн, дүкөндөрдүн, мечиттер менен чиркөөлөрдүн өрттөлүшү менен коштолгон кыянатчылыктар Африканын батышында жайгашкан Нигериянын борбордук бөлүгүндө жергиликтүү шайлоонун натыйжасында келип чыккан. Жос деген шаардан күбөлөр шаардын башкы мечитине 400 адамдын сөөгү алынып келингенин билдиришти. Ал эми христиан жамаатындагы жоготуу канча экени азырынча белгисиз. Нигерия бийликтери тополоң болгон аймакка кошумча күчтөрдү жөнөтүп, полицияга коммендаттык саатты бузгандарга ок атууну буюруду.

XS
SM
MD
LG