Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү


Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында СПИДге каршы күрөшүүгө жана анын алдын алууга чакырган акциялар уюштурулмакчы. Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча быйылкы жылы өлкөдө бул коркунучтуу дартты жуктуруп алгандардын расмий саны эки миңге чукулдады.

Ал эми катталбагандарды кошкондо бул көрсөткүч эки-үч эселеп көбөйүшү ыктымал. СПИД илдети мурдараак ийне аркылуу баңгилер арасында көбүрөөк тарап келсе, акыркы жылдары жыныстык байланыш аркылуу көбөйө баштагандыгы айтылууда. Жыл башында жыйырмадан ашуун наристеге СПИД илдети түрдүү калпыстык менен жуктурулуп, бул үчүн он чакты медициналык кызматкер сот жообуна тартылышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG