Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Азыркы бийлик оппозицияга күч колдонуудан башка жолду көрө албай атат


Мындай пикирин “Таза коом” саясий партиясынын лидери Табылды Акеров “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда оппозиция бийликке кризистен чыгуу үчүн бир катар жолдорду сунуштап, тынч жол менен өз пикирин билдирип жаткан учурда бийлик аларды укмаксанга салганы –туура эмес. “Бийлик ар дайым оппозиция менен сүйлөшүп, анын талаптарын угуп турууга тийиш болсо да, бирок тилекке каршы андай болбой бийлик убакыттан уттуруп, өлкөдөгү саясий кырдаалдын мындан да курчушуна өзү өбөлгө түзүп берип жаткансыйт,” деп белгилейт саясатчы. Табылды Акеров азыр мамлекет башында отургандар түрдүү нааразылык чараларына чыккан оппозицияны күч менен таратуу ыкмасын колдонуудан башка жолду көрбөй жатат, деп эсептейт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG