Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Таиланддагы талаш депутаттарга жолтоо болду


Жогорку Кеңештин Азиядагы мамлекеттер ассамблеясынын 3-пленардык жыйынына катышкан төрт депутаты Малазиядан кайтып келе албай жатышат. Алардын бири Бегалы Наргозуевдин айтымында, буга Таиланддагы саясий кризис кедерги болууда. Анткени, оппозициячыл күчтөр Бангкоктогу "Суварнабхуми" аэропортун басып алып, депутаттар учуп келе турган "Тай авиажолдорунун" Алматы багыты токтотулган. Бангкоктогу аэропортту 26-ноябрда премьер-министринин кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткан оппозициячыл "Демократия үчүн элдик альянс" деген тобу ээлеп алган. Ушундан улам учуулар токтоп, ал жерде 4 миңден ашууну чет өлкөлүк жарандар кете албай турушат.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG