Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Элдик ревкыймыл митингге даярданууда


Элдик революциялык кыймыл бүгүн жыйын куруп, анда 20-декабрда өткөрүлө турган нааразылык митингде көтөрүлчү маселелерди тактады. Андан тышкары “Акыйкат үчүн” кыймылы ишембиде өткөргөн курултайда кабыл алынган чечимдерди талкуулашты. Кыймылдын улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, кыймыл жетекчилиги курултай Ак үй менен күн мурунтан макулдашылган чечимдерди кабыл алды, президент курултайда кабыл алынган концепцияны иликтечү бир комиссия түзүп коюшу жана ал 2010-жылдан кийин ишке ашырылсын деген мөөнөт бериши мүмкүн деген жыйынтыкка келди. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов ревкыймылдын мындай жыйынтыгына негиз жок, анткени курултайда бийликке эмес Кыргызстандын элине мөөнөт берилди деп билдирди. Анын айтымында, эл революциялык кыймылдын чакырыгы менен кетсе бийликти саясатын өзгөртүүгө мажбурлай албай туңгуюкка кептелиши ажеп эмес. Ошондуктан революциялык кыймыл бийликтин камчысын чаап, саясий технологдорунун көрсөтмөсү менен оппозициянын ич ара ыркын кетирүү аракетин көрүп жатат деген ойдобуз дейт А. Жекшенкулов.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG