Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Оппозиция сунуштады, бийлик кулак салабы?


29-ноябрда оппозиция курултай өткөрүп, бийлик системасын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Ал чечимди турмушка ашыра баштоого бийликке үч ай мөөнөт берилди. Бийлик аны кабыл алабы?

Оппозиция курултайда кабыл алган "Акыйкатка карай жол" деп аталган Концепцияда Кыргызстанда парламенттик бийлик системасын орнотуу каралган. Ошол эле мезгилде бир да партиянын парламентте толук үстөмдүк кылуусуна жол бербеген жоболор киргизилген.

Маселен, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Ал толук партиялык тизме менен шайланат. Бирок бир да партия 50дөн ашык депутаттык орунга ээ боло албайт. Эгерде кайсы бир партия шайлоодо 90% добуш алса да 50 гана депутаттык орунга ээ боло алат. Ал эми азчылыкты түзгөн парламенттик оппозицияга Борбордук шайлоо комиссиясынын, Эсеп палатасынын, Улуттук телерадиокомпаниянын Байкоочулар кеңешинин курамынын 1/3 түзүү , парламенттеги бюджет, коопсуздук комитеттерин берүү каралган.


Президенттин ыйгарым-укуктары кескин кыскартылып, ал бийлик бутактарынын ортосундагы талаш-тартыш учурда арбитр катары активдүү ролду ойнош керек. Оппозиция курултайда жактырган ушул бийлик системасын кабыл алууга бийликке үч ай убакыт берилди. Аны турмушка ашырууга карата чаралар көрүлбөсө март айынан тарта массалык нааразылык акцияларын уюштуруу белгиленди.

Бийлик бул сунушту кабыл алабы?

Расмий бийликтин атын атагысы келбеген жогорку кызматтагы өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бийлик үчүн азыркы мезгилде дүйнөлүк финансылык, жергиликтүү энергетикалык кризистин зыяндарын азайтуу, кыштан кыйынчылыксыз чыгуу маанилүү болуп турат. Андан сырткары оппозициянын кайрадан ультиматумдук жолду тандап алуусу туура эмес. Бийлик системасын реформалоо болсо конституциялык реформа менен ишке ашып, партиялык тизме менен парламент шайланган.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде оппозициянын сунушун бийлик тарабынан кабыл албоосу кырдаалдын курчушуна алып келет:

-Бийлик оппозициянын койгон талабын кабыл албаса, анда кырдаал аябай эле начарлап кетет. Жазында чыгууга эл даяр.Электр энергиясын жалпы өчүрүүлөр, тамак-аштын кымбаттыгы элди кыйнап салды. Ошондуктан мен ойлоймун, Бакиев оппозиция менен сүйлөшөт. Жазга чейин бир келишимге келишет.

Марс Сариев оппозиция сунуштаган парламенттик бийлик системасын мыкты дештен алыс экенин ачыктады:

-Парламенттик система натыйжалуу эмес. Бюрократиялык аки-чүкүсү көп. Бирок менин оюмча, бийлик менен оппозиция изилдеп жатып, терип отуруп, бир вариантты табат.Мүмкүн парламенттик бийлик системасына өтпөйт. Президенттик бийлик калып, бирок оппозициянын идеяларын, жаңы сунуштарын алып, оппозициянын кишилери бийликке кирип, ошентип орток пикирге келбесе болбойт.

Дагы бир саясат таануучу Токтогул Какчакеевдин пикиринде, бийлик оппозициянын сунуштарын сөзсүз карап чыгышы керек:

-Президент ынтызарын коюп, көңүл буруш керек. Демократия деп айткандан кийин демократиянын негизинде ага көңүл буруп, эл менен сүйлөшүп, чатакка алып барбай, эгерде эл оппозицияны колдоп турганын сезсе, шайлоону өткөрүп, тандаганыңарды алгыла дегендей болуш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG