Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Ош шаары ВИЧ/СПИД илдетин жуктургандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты


Оштогу СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, Кыргызстан боюнча сакайгыс дартка чалдыккандардын саны 1794тү чапчыса, анын 478и Ош шаарынын тургундары. Ооругандардын 47 пайызын аялдар түзүп олтурат. Ал эми түрмөдө жатып жуктургандардын эсеби 160ка жетти. «Ата-энелер баңгиликке каршы» фондунун директору Мамасабыр Бурханов белгилешинче, ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандардын армиясын азайтуу кыйын, ошондуктан анын темпин басаңдатуу үчүн калк арасында таралуу жолдору, кесепеттери туурасында агартуу иштерин кеңири жүргүзүү зарыл. Күрөшүүнүн мындан башка жолу натыйжасыз деп эсептейт бейөкмөт уюм башчысы. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG