Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Жалал-Абатта жети жылда СПИДден 18 адам көз жумган


Бүгүн Жалал-Абатта СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленди. Облустагы жогорку окуу жайлардын студенттери СПИДке каршы жөө жүрүш акциясын өткөрүштү. Алар жүргөн борбордук эки көчөдө кыймыл убактылуу токтотулду. “ТАИС+2” уюму секс кызматкерлери жана узак сапарга чыккан айдоочулар арасында акция өткөрүп, Барпы театрынын алдындагы салтанатка эки миңдей адам катышты. Анда иммундук таңсыктык илдети тууралуу маалымат берилип, сынак жана суроо-жооп кечеси уюштурулду. Облуста СПИД илдетине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында бир айлык өткөрүлгөн. 2001-жылдан бери облустун 209 тургуну иммундук таңсыктын илдетине чалдыккан. Эксперттердин болжолунда чыныгы ооругандар мындан бир жарым-эки эсе көп болушу ыктымал. Ооругандардан 63 пайызын баңгилер түзөт. Ооруну жыныстык жолдор менен жуктургандар көбөйүүдө. Жети жылда кеселден 18 адам набыт болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG