Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Обама бүгүн негизги министрлерин дайындайт


Эски атаандаштар эми ийиндеше иштемек болушту
Эски атаандаштар эми ийиндеше иштемек болушту

Бүгүн Барак Обаманын өкмөтүндөгү негизги кызматтарга кимдер дайындала турганы белгилүү болот. Алардын ысымдарын жаңы президент ырасмий түрдө Чикагодогу маалымат жыйынында атаганы жатат.

АКШнын өкмөтүндө мамлекеттик катчынын, улуттук коопсуздук кеңешчисинин жана коргоо министринин орду негизги кызматтарга кирет жана аларга жалпысынан коопсуздук милдеттери жүктөлөт.

Мамлекеттик катчылыкка бардык булактар сенатор Хиллари Клинтон көрсөтүлөрүн айтышууда. Барак Обаманын партиялашы жана мурдагы атаандашы тышкы иштер мекемесин жетектөөгө эки аптадай ойлонуп, акыры макул болду. Анын күйөөсү, экс-президент Билл Клинтон да Обаманын командасы койгон шарттарды аткарып, өзүнүн соопкерчилик коруна акча кошуп жаткан бардык донорлордун атын атамай болду.

Президенттикке партиянын талапкерлик мандатын талашып, сынамык шайлоо маалында Барак Обама менен Хиллари Клинтон катуу кармашкан жана бир катар проблемаларда, алардын ичинде тышкы саясат маселелеринде бирин-бири кескин сындашкан эле.
Демократиялык партиянын айрым жетекчилери кокус Клинтон мамлекеттик катчылыкка дайындалса, мурдагы эки атаандаш ортосунда кайрадан тиреш чыгышы мүмкүн деп чочулашкан эле. Бирок Обама бул кызматта Клинтон өкмөттүн тышкы саясатына зарыл аброй алып бере алат деген бүтүмгө келди.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке бүгүн генерал Жеймс Жонс көрсөтүлөт дешет. Жонс бир кезде НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болгон.

Обама ошондой эле Пентагондун азыркы башчысы Роберт Гейтске өз кызматында калууну сунуш кылмакчы. Гейтс коргоо министри болуп 2006-жылы дайындалган,анын эки партияда тең жакшы кадыры бар.

Мындан тышкары улуттук коопсуздук министрлигине Аризона штатынын губернатору Жэнет Наполитано, ал эми юстиция министринин орду Эрик Холдерге сунуш кылынышы мүмкүн. Холдер бир кезде Билл Клинтондун администрациясында ушул эле министрликтин башчысына орунбасар болуп иштеген.

Барак Обаманын өкмөтү эмдиги жылы январдын этегинде ырасмий түрдө кызматка киришет. Ага чейин министрлик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн баарына конгресс макулдугун берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG