Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Учурда чет өлкөдө билим алып, иштеп жүргөн кыргызстандык жаштар өтө көп. Мекенинен узакта болгону менен, алар дагы ар убакытта өз жерин сагынып, Кыргызстандын келечеги үчүн тынчсызданары шексиз. Түркияда билим алып, үлкөн компанияда орун тапкан Кыргызстандын үч жараны октябрда Чехиянын ордо калаасы Прагада болуп, “Азаттыктын” баш кеңсесине дагы баш багып, жашоо шарттары, ой-максаттары тууралуу пикир бөлүшкөн эле.

Элвира Буудайчиева - Түркиянын Стамбул шаарындагы Йедитепе университетинде магистратураны аяктап жатат.

Аскар Акаев - Стамбулдагы статистикалык жеке компаниялардын биринде аналитик болуп иштейт.

Камал Карымшаков - Түркиянын Стамбул шаарындагы Йедитепе университетинде экономика факультетинде билим алууда.

“Азаттык”: Элвира, алгачкы суроону сага узатсам. Сен Түркияда канча жылдан бери окуйсуң?

Элвира Буудайчиева
Элвира Буудайчиева:
Менин Стамбулга келгениме быйыл үч жыл болду. Биринчи жыл келгенде биздин университетте билим алуу англис тилинде болгондуктан жарым жылдай англисче үйрөндүм. Андан кийин негизги сабактар башталган. Эми азыр буюрса диплом жазып жаткан кезим.

“Азаттык”: Түркиядагы окуу жана жашоо шарты тууралуу ар бириңердин пикириңерди билсек дурус болот эле. Менимче бул кыргызстандык жаштар үчүн өзгөчө кызык болсо керек. “Бардык нерсе салыштыруудан байкалат” деп коет эмеспи. Камал, салыштыра келгенде Кыргызстандагы жашоо Түркиядагы жашоодон өзгөчө эмнеси менен айырмаланат?

Камал Карымшаков: Кыргызстандан барып окуган студенттердин, өзгөчө мамлекеттик камсыздоодо болгон студенттердин жашоо шарттары таптакыр көчөдө калгандай начар деп айтканга болбойт. Себеби жашаган жери бар, белгилүү бир өлчөмдө стипендия алып турушат. Кээ бир учурларда бош убактысында иш таап, өз жанын баккан студенттер дагы бар. Элдин дагы аларга мамилеси жакшы деп айта алам.

“Азаттык”: Аскар, сен Камал айтып өткөн жаштардын катарына кошуласың. Мен өзүмдүн досторуман, чогуу окуган группалаштарыман көп угуп калам, “биз азырынча Кыргызстанга барбайбыз. Себеби ал жакта иш жок, акча таап, бутуман туруп алгандан кийин анан барам” деп айтышат. Сен мындай пикирлерге кошуласыңбы?

Аскар, Камал жана Элвира "Азаттыктын" студиясында
Аскар Акаев:
Окуп жүргөндө бош убактымда иштеп жүрчүм. Окуумду аяктагандан кийин статистикага байланыштуу бир жеке компаниядан сунуш түштү. Анан мен дагы макул болуп, иштеп калдым. Эми мындай айтсак, Кыргызстанда жеке статистикалык компанияларды караштырып көргөндө он чакты фирманы тапса болот. Бирок ал фирмалардагы шарттар, төлөнө турган маяна менимче өтө аз. Себеби беш жыл окуйсуң, университетти аяктагандан кийин өзүңдүн алдыңа максаттарды коесуң. Ошол максаттарга жетиш үчүн тажырыйбага ээ болуу үчүн жумушка орношконго аракет кыласың.

“Азаттык”: Элвира, сенин окууну бүтөрүңө аз гана калган экен. Азыр билим алып жаткан университетте калуу нийетиң барбы, же кандай гана айлык төлөнбөсүн, шарттар кандай гана болбосун Кыргызстанга кайтып барасыңбы?

Элвира Буудайчиева: Азырынча мен бул суроого жооп бере албайм. Анткени Кыргызстандагы азыркы абал өтө эле татаал деп ойлойм. Мисалы, мен жарым жылдан кийин университетти аяктап Кыргызстанга барганда каякта иштерим дагы белгисиз. Түркияда кала турган болсом Стамбулда иштей турган жерлерим бар. Айлыгы дагы жакшы. Азыр эки анжы пикир болуп турам. Бирок таразалай келгенде, азырынча иштеп, келечекти пландоо үчүн Стамбул ыңгайлуу болуп турат.

“Азаттык”: Камал, силер чет өлкөдө жашап, окуп жүргөндөн кийин Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана социалдык абалга сырттан байкоо салып турасыңар да. Ошондо эмнеге күйүнөсүңөр, эмнеге кубанасыңар?

Камал Карымшаков
Камал Карымшаков:
Кыргызстандын атуулу болгондон кийин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өлкөдө жашагандарга караганда окуяларга көбүрөк көңүл бурарын Түркияда жашап жүрүп байкадым.

Экинчиден, күйгөнүм – Кыргызстанда ынтымактын жоктугу. Саясий абал оңолмоюн экономикада дагы алдыга жылыштар болбойт эмеспи. Салыштырмалуу караганда Кыргызстан башка өлкөлөргө караганда жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкө. Бирок ошондой болсо дагы бир топ кемчиликтерибиз бар: кадр саясатында, жаштардын чет өлкөлөргө кетип жатышында.

Бизге окшогон азаматтар жалгыз эле Түркияда эмес, башка дагы өлкөлөрдө жүрөт. Булар кийин келеби, же ушинтип эле кеткендердин саны азайбайбы? Мына, акыркы учурларда экономикалык оор шарттардан, кымбатчылыктан улам Орусияга көптөр кетип жатат. Мындан кийин эми кандай болот? Мына ушул нерсе азыркы учурда жеке эле мени эмес, көптөгөн кыргызстандыктарды дагы ойлондура турган маселе деп ойлойм.

“Азаттык”: Аскар, сенин баамыңда, азыркы учурда кыргыз жаштарынын алдында кандай чоң тоскоолдуктар бар? Аларды эмне тынчсыздандырып турат? Жаштарга кандай шарттар түзүлүп берилиши керек эле?

Камал Карымшаков
Аскар Акаев:
Менимче, кыргыз жаштарынын кетип жатышы жана бийлик бул жаштардын баркын билбей жатышы кейитет. Чет өлкөдө окуп жүргөн бир топ эле жарандар Кыргызстанга кайтып келип кызмат өтөп, пайда алып келүүнү каалашат. Алар чет өлкөдө билим алгандан кийин фирма ачып, өз ишин баштайын деген пландарды куруп келишет. Бирок шарт жок. Шарт болбогондон кийин алар ошол эле Казакстан, ошол эле Орусияга кетип жатышат.

“Азаттык”: Элвира, Түркияга барарын барып алып, бирок иш таба албай, кыйналып, кор болгон кыргызстандыктар аз болбосо керек...

Элвира Буудайчиева: Эгерде Түркиядагы кыргыз жарандарын 100 пайыз деп алсак, ошолордун 90го жакын пайызы иштеп, окуп жүрүшөт. Өзгөчө жайында курорттук шаарларга келип иштеп, кайра күзүндө Кыргызстанга кетип калгандар көп. Ал эми он пайызга жакыны мыйзамсыз келип, тил үйрөнө албай, иштеген жеринен акчасын ала албай, алданып калгандарды айтсак болот. Бирок биз түрк эли менен динибиз, тилибиз бир дегендей тез эле көнүп кетүүгө болот. Ошондой эле Кыргызстанда окуп жүрүп, жайында иштеп кеткендерди көрүп жүрөбүз.

Аскар жана Элвира Прагадагы белгилүү Карл көпүрөсүнүн жанында
“Азаттык”:
Кыргыздар көбүнчө кандай жерлерде иштешет?

Элвира Буудайчиева: Көбүнчө курорттук шаарларда иштешет. Мисалы, Бодрум, Анталия жана Аланияда мейманканаларда иштешет. Жаш болгондон кийин кандай гана жумуш бербесин ошол жакта эмгектенишет. Бассейн тазалайт, же кабылдамаларда иштешет.

“Азаттык”: Камал, сен Түркияда үч жылдан бери жашап жүргөн экенсиң, Кыргызстандын өзгөчө эмнесин сагынасың?

Камал Карымшаков: Кыргызстандын бардык жагын сагынам. Өзгөчө суусун сагынам. Стамбулдун суусун канча ичпейин моокумум канбайт.

“Азаттык”: Элвира сен дагы бүгүн эле мага айтып калдың, абасын өзгөчө сагынам деп...

Элвира Буудайчиева: Ооба, Стамбулда азыр өзгөчө унаалар көп болгондуктан түрк элинин дагы бул маселе көңүлүн буруп жаткандай. Мэрия дагы көңүл буруп жатат. Абасы өтө эле булганып кетти. Глобалдык жылуулуктан уламбы, жайында аба өтө ысык болду. Ошон үчүн азыр Кыргызстандын абасы көзүмөн учуп турат.

“Азаттык”: Силер азыр Европаны дагы кыдырып жүрөсүңөр. Албетте силер дагы салыштырып жатасыңар. Ушундан улам Кыргызстанда кайсы тармакты мыкты өнүктүрсө болот эле деп ойлойсуң, Аскар?

Аскар Акаев
Аскар Акаев:
Кыргызстандын туризм тармагын мыкты өнүктүрсө болот эле. Бирок Ысык-Көлдө тоо туризмин көп жакшы өнүктүрө албай жатышат. 2006-жылды Туризм жылы деп аташты. Бирок, менимче, көп деле алгылыктуу иштер жасалган жок.

“Азаттык”: Маегибиздин соңунда, Кыргызстандын жаштарына силердин кандай ой-тилектериңер жана сунуштарыңар болор эле?

Элвира Буудайчиева: Кыргызстандын жаштарынын абалы азыр өтө оор же абдан жакшы болуп калды деп айта албайм. Азыр дүйнөдө эч ким деле жыргап кеткен жок деп ойлойм.

Кыргызстан дагы азыркы кризистен эртеби-кечпи чыгат. Ошон үчүн кыргызстандык жаштар келечектен үмүттөрүн үзбөй, алдыга умтулуп, билим алып, “Кыргызстан үчүн, менин Кыргызстаным” деген сезими күчтүү жаштар көп болушун каалайм. Биз дагы ошондой жаштардын катарына киребиз. Ооба, мен Стамбулда иштеп калуу ниетим бар, бирок жүрөгүбүз, оюбуз Кыргызстан менен. “Кыргызстан бизден кайда качмак эле” деген пикир жок, баары бир айланып өлкөгө кайтып барабыз.

Камал Карымшаков: Кандай гана кыйынчылык болбосун, 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыркы жаштарда мүмкүнчүлүктөр абдан көп. “Аракет кылсаң берекет” дегендей, окугула, иштегиле, аракет жасагыла.

Аскар Акаев: Бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем, жаштарга шарт түзүп беришсе. Шарт болсо, чет өлкөдө жүргөн жаштар өздөрү эле кайтып барат.

“Азаттык”: Маегиңер үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG