Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Оппозиция президентке кат жолдойт


“Акыйкат үчүн” кыймылы 29-ноябрдагы курултайда кабыл алынган резолюция менен концепцияны мамлекет башчыга жиберет. Мындай чечим кыймыл лидерлеринин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Андан тышкары курултайда кабыл алынган чечимдерди элге жеткирүү, ал үчүн кыймыл лидерлери менен элдин жер-жерлерде жолугушууларын өткөрүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен баарлашуу чечимине келишти.Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, эл аралык коомчулук Кыргызстанда болуп жаткан окуялар кабардар эмес, ошон үчүн эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү менен кызматташуу зарыл.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG