Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Климат боюнча жаңы келишимге чейинки "жарым жол"


Познань конференциясы-климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы келишимге чейинки "жарым жол"
Познань конференциясы-климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы келишимге чейинки "жарым жол"

Польшанын Познань шаарында климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттар уюмунун конференциясы башталды. Эки аптага созулуучу бул жыйын -климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык жаңы келишимдин шарттарын аныктоо боюнча аракеттердин кезектеги баскычы.

Көмүр кычкыл газынын же адистердин тили менен жалпылап айтканда, "парник" газдарынын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча буга чейин кабыл алынган эл аралык документ – Киото протоколунун мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Эл аралык коомчулук азыр мына ошол документти алмаштыруучу жаңы жана кеңири келишимге 2009-жылдын соңуна чейин жетүүнү максат кылууда. Муну 190дой өлкө БУУнун былтыр Индонезиянын Бали аралында өткөн конференциясында макулдашкан. Ага ылайык жаңы келишим бай өлкөлөр булганыч газдардын бөлүнүшүн көбүрөөк азайтуусун карашы керек, ал эми жакыр өлкөлөрдөн ошол бөлүнүүнүн өсүүсүн жайлатуу талап кылынат.

Келерки жылы келишим кабыл алынат деп үмүт кылынган саммит Коппенгагенге белгиленген. Андыктан, эксперттердин пикиринде, Познанда дүйшөмбүдө башталган конференция дүйнө өлкөлөрү жалпы каалоолор менен гана пикир алышууну токтотуп, конкреттүү сүйлөшүүлөргө киришүүчү бурулуш учур, Бали менен Коппенгагендин ортосундагы "жарым жол" болушу керек. Он эки күнгө созулуучу конференцияга дүйнөнүн 186 өлкөсүнөн 10 миңден ашуун делегат, анын ичинде өкмөттөрдүн, ишкер чөйрөнүн, жаратылышты коргоочу уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча секретариатынын башчысы Иво Де Боэр (Yvo de Boer) конференцияны утурлай жасаган кайрылуусунда дүйнөлүк каржы кризисине карабай, глобалдык жылуулукка каршы күрөш унутта калбаш керектигин белгиледи:

- Познань конференциясы кыйла кеңири, азыркы глобалдык каржы кризис менен жакындап келе жаткан рецессиянын контекстинде өтүүдө. Бирок биз бул бизди климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөштөн алагды кылуусуна жол бере албайбыз.

Алдыда дүйнө өлкөлөрү, өзгөчө өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан ири мамлекеттердин макулдашуусун талап кылган негизги нерсе – көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн канчага жана кандай жол менен кыскартуу керектиги.

БУУнун америкалык мурдагы вице-президент Альберт Гор жетектеген, былтыр Нобель тынчтык сыйлыгына арзыган өкмөттөр аралык эксперттик тобунун мүчөсү, словениялык профессор, климатолог Лучка Кайфеш Богатайдын (Lucka Kaifez Bogataj) айтымында, булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу үчүн эл аралык талкууларда сөз болуп жаткан негизги маселе – болочокто кандай энергияны колдонуу керектиги, ал эми өндүрүштү азайтууну эч ким каалабайт:

- Эгер келечекти карасак, калк саны өсөрү шексиз. Биз 10, 9 же 10,5 миллиард жөнүндө сөз кылсак болот, бул анчалык мааниге ээ эмес. Бирок эч ким кайрадан жакыр болууну каалабайт. Атүгүл Кытай, Индиянын тургундары да Улуттук дүң өндүрүш жогорулашын көздөйт. Демек, балким кийинки 40 жылда дүйнө 3-4 эсе бай болот. Биз ошондой эле азыркыдан 1,5, 2,2 эсе көбүрөөк энергияга муктаж, ага катар кыйла мобилдүү болобуз. Жаңы авиотехниканы, учактарды эске алганда, дүйнөнүн орточо жараны 2040-жылдары, балким, күнүнө 160 чакырымга саякаттап калат. Андыктан азыр талкууланып жаткан жалгыз нерсе – бул үчүн бизге кандай энергиянын зарылдыгы. Эч ким чен - өлчөмдөр жана Улуттук дүң өндүрүш жөнүндө сөз кылгысы келбейт.

Быйыл Жапонияда өткөн саммитте Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөр 2050-жылга карата көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн 50%га кыскартуу зарылдыгы боюнча бир пикирге келгени гана жарыяланган. Бирок жаратылышты коргоочулар жогорудагы мөөнөттү кеч жана өлчөмдү аз деп эсептешет.

Булганыч газдардын эң ири бөлүүчүсү деп эсептелген ондуктун ичинде ирээти менен АКШ, Еврошаркет, Кытай, Орусия, Индия, Жапония, Германия, Бразилия, Канада, Британия турат. Ал эми негизги булгоочу 25 өлкөнүн ичинде эски совет аймагынан Украина да бар.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Жорж Буш Киото протоколун америкалык экономика үчүн ылайыктуу эмес деп эсептегендиктен ратификациялаган эмес.

2006-жылы, Рейтер агенттиги келтирген маалыматка караганда, АКШ бөлгөн көмүр кычкыл газынын өлчөмү 1990-жылга салыштырмалуу 14%га көптүк кылды. Шайланган президент Барак Обама бул көрсөткүчтү 2020-жылы 1990-жылдын деңгээлине түшүрүүнү, ал эми 2050-жылга карата 1990-жылдагы деңгээлден 80%га ылдыйлатууну жактайт. Барак Обама мурдараак билдиргендей, алдыдагы он жылда таза энергия боюнча долбоорлорго 150 миллиард долларга чейин инвестиция жумашалышы абзел. Бул өз кезегинде 5 миллиондой жаңы жумушчу орунду түзмөкчү.

Ал эми Еврошаркет өз ичинде булганч газдардын бөлүнүшүн былтыр 2020-жылга карата 1990-жылдын деңгээлинен 20%га, эгер башка өлкөлөр да ушундай кадамга барса, 30%га кыскартууну макулдашкан. Бул макулдашуунун майда – чүйдөсү шаркеттин ушул декабрда өтүүчү саммитинде такталмакчы. Еврошаркеттин лидерлери байгер өлкөлөр булганыч газдарды 2050-жылга карата 1990-жылдагы деңгээлден 60-80% кыскартуусу керек деп эсептешет.

Булганыч газдарды бөлүү жагынан лидерлердин бири катары эсептелген Кытайдын абалы өзгөчө. Пекиндин дарегине булганыч газдарды чыгаруунун эң негизги булагы катары эсептелген оор өнөр-жайын жаңылоону көздөбөгөнү үчүн дооматтар көп эле айтылган. Кытайда 2001-жылдан тарта 2020-жылга чейин энергияны эки эсе көп колдонуу менен бирок Улуттук дүң өндүрүшүн төрт эсеге көбөйтүү планы бар. Расмий Пекин глобалдык жылуулук үчүн өнүккөн өлкөлөр көбүрөөк жоопкер, Батыш дүйнөсүндө жан башына эсептегенде, булганыч газдардын бөлүнүшү Кытайдыкынан кыйла көп деген көз карашта.

Индия болсо жакырчылыкты жоюу үчүн экономикалык өсүшкө артыкчылык берилиши, ошол эле учурда энергиянын таза түрлөрүнө да көчө берүү керек, ал эми өлкөнүн булганыч газдарды чыгаруусу жан башына бөлө келгенде, эч качан бай өлкөлөрдүкүнө жетпейт деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG