Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

НАТО: МАПтан нап чыкпайт көрүнөт


Бүгүн Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлери жыйынга чогулат. Жолугушууда алар Украина менен Грузияга мүчөлүк аракет планын (МАП) сунуш кылбайт өңдөнөт. Россия мындан өзүнүн “стратегиялык жеңишин” көрүп жатат.

Өткөн аптанын ортосунда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс “Украина менен Грузия азыр НАТОго мүчө болгонго даяр эместигин” айтып,андыктан аларга азырынча мүчөлүк аракет планын сунуш кылуунун да кажети жоктугун белгилеген эле. Бул позициясын ал кечээ Лондондо да ырастады.

Ошол эле учурда Райс бул эки өлкөнү түпкүлүгүндө альянска башка жолдор менен кошсо болорун да көрсөткөн. Атап айтканда, Чехия,Польша жана Венгрия учурунда мүчөлүк аракет планысыз эле блокко мүчө болушкан. Иши кылып, Украина менен Грузиянын альянска кошулуу келечегине калганда АКШнын саясаты өзгөрүүсүз калганын мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак бышыктады.

Иштин жүйөөсүн АКШнын НАТОдогу элчиси Курт Волкер саал башкача түшүндүрдү. “МАП - өтө эле саясатташып кетти, ошондуктан аны пайдаланууга макул боло албайбыз”,-деп айтты ал. Ички реформалардын планынан алганда “Украинага жана Грузияга НАТО менен биргелешип дагы көп иштерди жасоо керек. Кыскасы, алды жакта узак жол жатат”,- деп кошумчалады ал.

Байкоочулар болсо МАП негизинен европалыктардын көч башындагы Германия, Франция өңдүү өлкөлөрдүн позициясынан улам жыдып калганын айтышууда. Бул эки өлкө, аларга кошулуп Италия, Испания, Бельгия НАТОго Украина менен Грузияны апыл-тапыл кабыл ала койгонго караманча каршы болуп жатышат.

Коңулдардагы айрым кептерге караганда НАТОну чексиз кеңейтүүдөн баш тартуу, мунун ордуна альянсты алда канча масштабдуу жана реалдуу проблемаларды чечкенге багыттоо идеялары айтыла баштаган сыяктанат. Мумбайдагы акыркы окуялар, атап айтканда, дүйнөлүк терроризм азыркы замандын биринчи коркунучуна айланганын айныксыз кылып ырастады. Эксперттер мына ушундай шартта НАТОго Россиядан тышкары ошол эле Индия, Кытай, Бразилия сыяктуу үлкөн державалар менен да карым-катнаш түзүүнү ойлонуп көрүүнү сунуш кылышууда.

Польшанын президенти Лех Качинский болсо Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозуга өткөн жуманын этегинде ачык кат менен кайрылып, “кайра баш көтөрө баштаган орус империализмин ооздуктоо ишинде” Грузия европалыктар үчүн чечүүчү сыноо болорун эскертти. Качинский ошондой эле француз президенти Николя Саркозини “ашкере эле Россиянын ыгына көнүп баратат” деп сынга алды.

Германия менен Францияны, башка да өлкөлөрдү орустардын мунайы менен газына кызыккандан улам Киев менен Тбилисиге мүчөлүк аракет планын сунуш кылууга каршы чыгып жатат деп эсептегендер да аз эмес.

Кандай болгон күндө да муну орус жетекчилери Россиянын стратегиялык жеңишиндей баалай баштады. Гаванада жүргөн кезинде президент Дмитрий Медведев акыры бу маселеде “акыл-эс жеңип чыкканына” канааттанганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG