Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Иран кошуналарына атом энергетикасын өндүрүүнү сунуш кылды


Эл аралык коомчулук Ирандан талаштуу өзөктүк программасын токтотууну талап кылып жаткан маалда, расмий Тегеран Перс булуңундагы коңшу өлкөлөргө өзөктүк кубат боюнча заводдорду биргелешип курууну сунуш кылды.

Ирандын Өзөктүк кубат боюнча агенттигинин жетекчиси Голам Реза Агазаде мындай сунушту жекшемби күнү (30-ноябрда) Тегеранда өткөн атомдук станциялар жана айлана-чөйрөнү коргоо проблемаларына арналган эл аралык жыйында киргизди.

Голам Реза Агазаде Тегеран Перс булуңундагы кошуна өлкөлөр менен биргелешип өзөктүк реактор жасоо боюнча “көп тараптуу сунуш” болгонун жарыялады.

Перс булуңундагы өлкөлөр Тегерандын мындай сунушуна азырынча эч кандай пикирин билдире элек. Бирок бул өлкөлөрдүн көбү мурда өзөктүк программанын үстүнөн иштөөнү каалашканын айтып келишкен эле.

Лондондогу “Jane's Intelligence Digest” журналынын редактору Алекс Ватанканын (Alex Vatanka) айтымында, Тегерандын бул сунушу – Булуңдун кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөргө жасаган саясий ишарасы. Булуңдун кызматташтык кеңешине – Бахрейн, Кувейт, Аман, Катар, Сауд Арапстан жана Бириккен Араб Эмираттары кирет.

Тегеран буга чейин дагы бир нече жыл бою бул багытта Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташууга аракет жасаган, бирок Булуңдун кызматташтык кеңеши бул маселени көңүл сыртында калтырып келген.

Алекс Ватанканын айтымында, ушул тапта аталган кеңеш Тегерандын идеясын колдошу ыктымал. Өткөн аптада эле Булуңдун кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдүн биринин мартабалуу аткаминери Иран менен өзөктүк программа боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу оозанган эле. Алекс Ватанка мындай дейт:

- Сауд Арапстандын падышасы Абдулланын бир тууган агасы ханзаада Бин Талал жакында эле Булуңдагы кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөр менен ирандыктар ортосунда ишеним болуш керектигин жана өзөктүк программа боюнча дагы кызматташтыктын зарылдыгы тууралуу айткан. Мына ушундай билдирүүдөн кийин Тегеран өз сунушун айтып чыкты.

Ватанканын белгилешинче, Ирандын Бушер атомдук станциясы Орусиянын жардамы менен курулуп жатса, Булуңдагы кызматташтык кеңешке кирген өлкөлөрдүн Батыш технологияларына ээ болуу мүмкүнчүлүгү кеңири:

- Булуңдагы кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөр бул маселеге караганда, ал келтирген зыянга көңүл бурушат. Алар жөн гана: “Карагылачы, ирандыктар Бушер станциясына керектүү нерсенин бардыгын орустардан алып жатышат. Орусиянын технологиясы дүйнөлүк базардагы эң мыкты технология эмес. Эмне үчүн биз Иранга Батыштын технологиясын түз сатып алууга жардамдашпашыбыз керек? Ирандыктарга боор тартып жаткан жокпуз, болгону Бушердеги кырсыкты алдын алып, же мындай ыктымалды азайтуу, же жаңылыштык болбосу үчүн Иранга жардам беришибиз керек” деп ойлошу мүмкүн.

Бирок буга чейин АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоодо деген билдирүүлөрүнөн улам Перс булуңундагы өлкөлөр Тегерандын өзөктүк программасынан шек санап келишкен. Тегеран бардык айыптоолорду четке кагып, өзөктүк программа тынч максатты көздөрүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG