Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Быйыл жайдан бери эле дүйнөлүк базарда мунай баасы эки эсеге арзандады. Мамлекеттик кирешенин негизги бөлүгү кара майдан келген Орусиянын башкаруучу элитасы үчүн бул эмнени билдирет? Алар азыр бушайманга түшө баштадыбы?

Жакынкы эле тарыхка кайрылсак, 1985-жылдын соңунда мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 30 $ болчу. 1986-жылдын орто ченинде эле ал 10$дан бир аз ашуунга бааланып калган. Бул советтик экономиканы алсыратып, акыры беш жылдан соң СССРдин ыдырашынын тездөөсүнө салым кошпой койгон жок.

Ал эми акыркы жылдары жогорулоонун гана үстүндө болгон кара майдын бир баррелинин баасы быйыл августа 150$га чейин чаап барган эле, азыр баа 50$-55$ доллардын гана тегерегинде.

Мындан улам эле мамлекеттик кирешенин негизги бөлүгүн кара майдан алган Орусия азыр олуттуу саясий туруксуздуктун босогосунда турат деп айтуу азырынча туура эмес, ал бир кездеги СССРге окшоп ыдырап кетерин деле эч ким ишара кылган жок. Бирок АКШ Мамлекеттик департаментинин мурдагы кызматкери, азыр Вашингтондогу Брукингс институтунун улук иликтөөчүсү Стивен Пифердин (Steven Pifer) көз карашында, кирешенин тездик менен азайуусу режимдин легитимдүүлүгүнө олуттуу шек келтирет:

- Мунай жана газдын акчаларынын агылуусу Орусиянын өкмөтүнө адамдардын жашоо стандартын жогору кармоочу каражатты берет. Экономикалык шарт - жагдай ушу тапта орусиялыктардын көбүнүн көңүлүн бурган нерседей көрүнөт. Мунай менен газдын кирешесинин азайуусу өкмөт эмне кыла алат деген маселенин көтөрүлүшүн шарттайт.

Орус бийлигинде азыр кара май асмандаган кезде жыйнап калган акчасы бар. Мамлекеттик эки кордогу акчасы 200 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан сырткары өлкөнүн чет элдик валюта кору азыр 450 миллиард доллар. Бирок бул кордун көлөмү августа эле 600 миллиард доллар болчу, андан бери чейрекке же 150 миллиардга азайды.

Кандай болгон күндө да Орусиянын экономикасы терең көйгөйлөргө кабылганын белгилери азыр бардык жерден эле байкалып жаткандай. Алсак баалуу кагаздардын наркы акыркы айларда 70%га төмөндөдү, КАМАЗ жана ГАЗ сыяктуу автомобиль ишканалары өндүрүшүн кыскартып, жумушчуларын бошотууга аргасыз болду. Президент Дмитрий Медведевдин өзү да кризис каржы секторунан реалдуу секторго өткөнүн жакында моюнга алгансыды.

Экономикалык солгундоо Орусиянын аймактарында Москвага баш ийбөөчүлүк маанайын жаратып, алар соңку жылдары алгачкы ирээт борбордук бийликке чакырык да таштап жаткандай. Маселен Татарстандын жеке менчиктеги мунай компанияларынын тобу, эгер өкмөт мунай баасы калыбына келгиче аларды экспорттук жана өндүрүштүк салыктан бошотпосо, өндүрүштү токтоторун эскертишти. Ал эми Москванын мэри Юрий Лужков шаар башчылар менен губернаторлорду тикелей шайлоого кайрадан кайтуу зарылдыгын айтып чыкты.

Андыктан экономика кризисте турган шартта орус бийликтеринин 1993-жылдан бери туңгуч ирээт постсоветтик Конституцияны өзгөртүүгө шашылуусу таң калыштуудай көрүнбөйт. Өткөн айда парламенттин кош палатасы президенттин кызмат мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартууну караган мыйзамды кабыл алды. Документ эми биротоло мыйзамдык күчкө ээ болуш үчүн Кремлдин Бирдиктүү Орусия партиясы үстөмдүк кылган регионалдык парламенттерде үчтөн эки добуш менен жактырылуусу керек.

Көпчүлүк байкоочулардын көз карашында, бул өзгөртүү азыркы премьр-министр, бирок өлкөнүн чыныгы башкаруучу катары эсептелген Владимир Путин президенттик тактыга кайра кайтып келүүсүнө багытталган.

Дэвид Саттер (David Satter) - "Таңдагы караңгылык: Орусияда криминалдык өлкөнүн пайда болушу" деген китептин автору, АКШдагы Худсон институтунун иликтөөчүсү. Ал Путин жана анын башкаруучу чөйрөсү үчүн экономикалык солгундоодо сооротучу нерсе азайган кезде, алдыда эбегейсиз бюрократия менен алпурушуу кыйын болот деп эсептейт:

- Чоң маселе - төмөнкү тепкичтеги жанып турма паракорчулук. Эгер төлөө үчүн акча азайса, коррупциядан пайда тапкан бул адамдар үчүн жүйөлүү болот жана алар анчалык чоң эмес параны ала берет же ич-ара чабыша баштайт. Баардык тажрыйба көргөзгөндөй, бул башкаруучу элитада катуу чыңалууну жаратышы мүмкүн.

Талдоочу Саттер кошумчалагандай, Кремль таратуучу "сабизи" аз калаганда "шапалакка" таянчудай. Бирок оппозициянын алсыздыгын жана коомчулук акыркы он жылдан бери саясатта пассивдүү экенин эске алганда, алдыдагы экономикалык кысталыш саясий өзгөрүүлөр жөнүндөгү талаптарга алып барар-барбасы азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG