Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Билим берүү, саламаттык сактоо жана укук коргоо органдарында коррупция тыйылбай жатат


Мындай пикирин мамлекет башчы Курманбек Бакиев кечээ коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаровду кабыл алган учурда билдирди. Президент ошондой эле жогорку бийлик бутактарында коррупция ооздукталып, мамлекеттик кызматка акча аркылуу келүү токтотулду, деп белгиледи. Байкоочулар болсо коррупция эч бир тармакта азайбагандыгын, тескерисинче эки-үч эселеп өсүп жаткандыгын айтышат. Эл аралык “Транспаренси интернешнл” уюмунун иликтөөсүндө Кыргызстан быйыл коррупция күч алган өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Андагы көрсөткүч боюнча өлкө 180 мамлекеттин ичинен 166-орунга түшүп, өткөн жылга караганда 16 кадамга артка кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG