Улуттук илимдер академиянын сейсмология илим изилдөө институтунун билдирүүсү боюнча кечээ кечки алтыдан 16 мүнөт өткөндө түштүктө болгон жер титирөөнүн күчү 4 баллды түздү. Анын очогу Кыргызстан менен Кытайдын чегарасына жакын Нура айылынан түштүк чыгышты көздөй 5 чакырым алыстыкта болуп, титирөөнүн күчү айылда 3,5 балл болду. Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги кыйроо болгон жок деп билдирди. (BD)