Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Мал базарындагы ишкерлер базардын көчүрүлүшүнө нааразы


Бул туурасында бүгүн Бишкектин ылдый жагындагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан «Жайма» мал базарында иштеген жеке ишкерлер жана сатуучулар маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, эки жарым ай мурун облустук бийлик ыңгайлуу мал базарды жаап, шаардан 50 чакырымдай алыстагы Пригородное айылына көчүрүп салган. Жаңы базарга болсо эл барбай, сатуучулар чыгымдын үстүнөн чыгымга батып жатышат. Ал базар турган жерден мурун күйдүргүнүн очогу да табылган дешет сатуучулар. Бирок Аламүдүн районунун ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Осмоналиев, «ал базардын аймагында күйдүргүнүн очогу бар, бирок кооптуу эмес», - деп билдирди. Өзгөчө мусулмандар кой, уйлар менен кошо чочколордун бир базарда сатылышына каршылык көрсөтүп жатышат. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү базардын аянты кенен, ар биринин өзүнүн орду бар деп жооп кайтарууда. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG