Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Бейөкмөт уюмдар коомдук палатага каршы


Президенттин коомдук палата түзүү жардыгына байланыштуу бейөкмөт уюмдардын “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы билдирүү таратып, анда бул коом бийликти колдоп жатат деген жалган демократиянын күзгүсүн түзүү аракети деп белгиледи. Коалициянын билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш деген коомдук палата бар жана анын мүчөлөрү жалпы жарандардын кызыкчылыгын колдошу керек. Мындай палаталар Акаевдин убагында да түзүлүп, ага Акаевди жактаган аксакалдар топтолчу деп, коомдук палатаны түзүү ыкмасы акыйкаттык принцибин да бузат деп белгилешти. (BD)

XS
SM
MD
LG