Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Ирак соту “химиялык Алини” экинчи ирээт өлүм жазасына буйруду


Ирак соту 1991-жылы шийилердин козголоңун ырайымсыздык менен баскан “химиялык Али” деген ат менен белгилүү Хасан ал-Мажидди экинчи ирээт өлүм жазасына буйруду. Буга чейин, 2007-жылы, Ирак соту Мажидди 1988-жылы он миңдеген күрттөрдү тукум курут кылган чабуулга тийешеси бар деп айыптап, дарга асууга буйруган. Сот чечими менен Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейндин “Баас” партиясынын Түштүк Ирактагы жетекчиси Абдулхани Абдул Гафур дагы өлүм жазасына буйрулуп, ал эми Хусейндин учурундагы башка төрт мартабалуу аткаминер өмүр бою эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG