Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Барак Обама улуттук коопсуздук тобунун курамы менен тааныштырды


АКШнын президенти шайланган Барак Обама дүйшөмбү күнү өз администрациясында улуттук коопсуздук маселеси менен иштөчү саясатчылардын ысымдарын атады. Мамлекеттик катчылыкка мурдакы демократ-атаандашы Хиллари Клинтонду көрсөттү. Республикачыл Роберт Гейтсти Коргоо министри бойдон калтырды.

Күтүлгөндөй эле сенатор Хиллари Клинтон АКШнын Мамлекеттик катчылыгына көрсөтүлдү. Президент шайланган Барак Обама азыр эле Хиллари айым «дүйнө өлкөлөрүндө сыйлуу экенин жана дүйнөнүн көптөгөн лидерлерин жакындан билерин” белгилей кетти:

- Хилларини дайындоо менен досторума жана дос эместерге Америка дипломатиясын өзгөртүүгө жана союздаштык катнашыбызды калыбына келтирүүгө ынтызарлыгымды шарданалагым келет. Ирандын жана Түндүк Кореянын колуна тийбечү ядролук куралдарды жайылтпоодон тартып, Израил менен палестиналыктар арасындагы тынчтыкты орнотууга жана эларалык институттарды орнотууга чейин болуп, жумуш көп.

Жорж Буш бийликте турган акыркы сегиз жылда АКШ тышкы саясатта дипломатияга караганда ормон опузага жана күчкө артыкчылык берген.

Обама, тескерисинче, XXI-кылымдын коркунучтарына каршы күрөштө «кол сандыктагы бар аспаптарды» колдонууга дембе-дем үндөп келет. Клинтон айым дүйшөмбү күнү Мамкатчылыкка көрсөтүлгөндөн кийинки сөзүндө Обаманын мындай көзкарашын толук колдоорун билдирди:

- Америка эли Барак Обаманы биздин келерки президентибиз кылып шайлап, өлкө ичинде жаңы багытты гана талап кылган жок, оң өзгөрүүлөрдүн күчү катары Американын дүйнөдөгү ордун жаңылоонун жаңы аракетин талап кылды.

Барак Обама Роберт Гейтске 20-январдан кийин да Пентагонду жетектөөнү сунуш кылып, Гейтстин алдында Ирактагы согушту аяктоо жана көңүлдү Ооганстанга буруу милдети турганын айтты. Ошондой эле Гейтстин «терроризмге каршы Ооганстанда башталган согуш Ооганстанда аякташ керек» деген сөзүн эске сала кетти.

Хиллари Клинтонду жана Роберт Гейтсти өз өкмөтүнө чакыруу менен Обама АКШнын атактуу президенттеринин бири Абрахам Линколнду үлгү тутам деген сөзүн аткарды. Линкольн каршылаштарына өкмөтүндөгү жогорку орундарды берип, алар менен чогуу иштешкен.

Клинтон жана Гейтс Обаманын Ирак согушу боюнча көз карашын ачык сындашкан. Демпартиядан президент көрсөтүлүү өнөктүгү маалында Обаманын Иран сыяктуу АКШнын элдешпес душманы менен жүзмө-жүз сүйлөшөм деген сөзүн Хиллари айым «тажрыйбасыздык жана жоопкерсиздик» деп сындаган.

Обаманын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, отставкадагы генерал, НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн мурдакы башчысы Жеймс Жонс болот. АКШнын адилет министри-Башкы пркурорлукка Эрик Холдер, ал эми БУУдагы АКШнын элчиси болуп Сьюзан Райс көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG