Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Жалал-Абат: Оппозициянын курултайына көз караштар эки ача

  • Ырысбай Абдыраимов

Бириккен оппозициянын элдик курултайы, 29-ноябрь 2008-жыл.

Бириккен оппозициянын элдик курултайы, 29-ноябрь 2008-жыл.

Жалал-Абат облусунда бириккен оппозициянын курултайы жөнүндө жарандары түрдүү көз карашын билдирүүдө. Курултайдын чечимдерин жактагандар да, жактырбай четке каккандар да бар.

Бириккен оппозициянын курултайы тууралуу элет калкы толук маалымдар боло элек. Мамлекеттик маалымат каражаттары ал тууралуу үстүртөн кабар беришти. Курултай кандай маселе көтөрүп, анда кабыл алынган чечимдер тууралуу кызыккандар оппозициянын жыйынына барып келгендерден сурап билишүүдө.

Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Нурбек Касымбековдун каалоочуларга түшүндүрмөсү боюнча курултай өлкөнүн экономикалык оор кризиске баткандыгын, ал үчүн президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт жоопкер экендигин белгилеген.

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча «Акыйкаттыка карай жол» аттуу жаңы саясий системанын концепциясы иштелип чыккан. Кабыл алынган резолюцияда кирешелүү жайларды менчиктештирүүгө каршылык билдирилип, бийликке жаңы концепцияны жазга дейре аткаруу милдети жүктөлгөн.

- Эгерде аткарылбаса, анда президент Бакиевди отставкага кетирүү үчүн массалык граждандык баш ийбөө акцияларын өткөрүү жөнүндө резолюция кабыл алынды. Абал өтө оор, экономикалык кризисте деп баа берилди. Сүйлөгөндөрдүн баардыгы эле негизинен азыркы жогорку бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынын туура эместигин, бизди кризиске алып бараткандыгын белгилеп кетишти, -деп айтты Нурбек Касымбеков.

Курултайдын мындай талабын бийликти жактаган адамдар четке кагууда. Областтык бийликтин жооптуу кызматкери Арапбай Ураимовдун пикирине караганда, оппозиция президенттин иш-аракетине каршы болууда. Демек, алардын бийликти көксөгөнү бардык саясий иш-чараларынан байкалып турат:

- Президенттин отставкага кете турган жагдайларын мен көрбөйм. Оппозиция бардык мамлекеттерде бар. Оппозиция бир багытты, мисалы өзүнүн көз карашын айтып тура берет. Мамлекет, бийлик өзүнүн жумушун аткарыш керек. Курманбек Салиевичтин иши менин көз карашым боюнча жакшы. Себеби экономиканы өнүктүрөм деп аракет кылып атат. Ал киши промышленник, өз ишин билип атат. Ага бут тоскондор болуп атат. Ошондуктан Курманбек Бакиев эч качан жазбастан өзүнүн позициясында иш кыла бериши керек.

Анткени менен оппозиция бийликтин кемчилигин элдин татыктуу жашоосу үчүн сынга алууда. Башаламан менчиктештирүүнүн айынан тармак-жайлар жеке адамдарга арзан баага сатылып, өлкө олуттуу кирешеден айрылды. Облустагы пахта заводу да талоонго түштү. Ага бийликтин көңүл буруп, же бурбай атканы белгисиз. Жалал-Абат шаарынын тургуну Алмаз Назарбековдун көз карашында бийлик оппозициянын жаңы концепциясын оолак түртпөй, алар менен кеңешип, резолюциядагы талаптарды аткаруунун камын көрүүсү абзел:

-.Курултайда айтылгандарды бийлик аткарыш керек. Элди жакырчылыктан чыгарууга аракет кылыш керек. Ушундай турмушта кете берсек биздин келечегибиз жок болуп кетип атат. Бул жерде баардыгы сатылып кетип атат. Жакшы продукция чыгарган завод-фабрикаларды жаппай, иштетиш керек. Алар токтоп калса элде иш жок, эл анан ар жака чачырайт. Буга күнөөлүү ким, менин оюмча күнөөлүү биздин президентибиз деп ойлойм. Оппозиция бүтөлбөй калган жерди бүтөп, жардам көрсөтүп атат аларга.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG