Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Каржы кризисинин кесепети Ошко жеттиби?


Дүйнөлүк каржы кризисинин кесепети Ошто сезиле баштагандыгы жөнүндө банк башчылары чоң жыйында коңгуроо кагышты. Ишкерлер мамлекет көмүскө экономика каражаттарын легалдаштырбаса, акыбал ого бетер оорлошоорун эскертишүүдө.

Кыргызстандын Улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Мадамин Фаттахов аймакта коммерциялык банктардын 38 филиалы, 66 кредиттик союз, 23 кичи кредиттөө компаниясы, 7 ломбард иштеп жаткандыгын кабарлады.

Анын эсебинде ишкерлерди жана калкты кредиттөө былтыркыга салыштырмалуу кыйла төмөндөдү. Себеби, үстөк пайыздын жогорулугу ойлонтууда. Мындан тышкары каржы кризисине кабылган айрым банктар креди берүүнү дээрлик токтотушту.

- 770 млн. кредит берилди. Коммерциялык банк “Кыргызстан” өткөн жылга караганда 79 миллионго азайтты кредиттерди. “Азия универсал”, “Доскредо”, “АТФ”, “Бакай” банктары кредит берүүнү азыр токтотуп коюшту. Көп банктарыбыз август, ноябрдан баштап кредит берүүнү токтотушту. Бул экономикабызга таасири өтө чоң, - деп коңгуроо какты Мадамин Фаттахов.

Эл аралык ишкердүүлүк кеңешинин Оштогу кеңсесинин директору Абдымомун Жолдошев бизнес чөйрөсүн коррупция тооруп, бура бастырбай жаткандыгын ачыктады. Абдымомун Жолдошев чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн мекенине кайтуусу, акча которуунун мурдагы жылдарга караганда кескин азайышы экономиканын өйдөлөшүнө олуттуу тоскоол эткендигин санаркоо менен белгиледи.

Түштүк ишкерлери бирикмесинин өкүлү Рустам Нурматов кыйынчылыктан арылуунун төмөнкүдөй жолун сунуш этти:

- Байкашымча, Орусия, же Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстандын дүйнөлүк экономикага дегеле таасири жок. Тескерисинче, чоң мамлекеттердин бизге кесепети тийиши толук ыктымал. Андай күнгө кабылбас үчүн жеке адамдардын колундагы каражаттарды, мисалы, көмүскө экономикадагы акчаларды легалдаштырып, банктар аркылуу реалдуу секторго жумшасак, жок дегенде өлкөнүн түштүгүн каржы кризиси кыйгап өтөөр эле.

Президенттин алдындагы инвестициялык кеңештин мүчөсү Азиза Юлдашева мындай пикирге кошулган жок. Анын ынанымында, ички товар өндүрүүчүлөрдү колдомоюнча, илгерилөө кыйын:

- Эсепсиз каражаттар жумшалган пайдасыз программалардын кимге кереги бар? Агрардуу өлкө экенибизди унутпайлы. Ар тарапка чарпыла бербей, мамлекет мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө бар кудуретин жумшаганы оң. Чыгымы аз, бирок, кирешеси көп тармакты колдосок, экономикабыз эбак өнүкмөк.

Ош облус губернатору Аалы Карашев өз кезегинде банк башчыларынын жана ишкерлердин кабатырлануусун эрте кагылган коңгуроо катары баалады:

- Дүйнөлүк финанасылык кризис түз эле келип катуу бүгүн биздин облуска таасирин тийгизип деп айтууга эрте. Кыргыз мамлекети дүйнөлүк экономикага дагы интеграциясы катуу киришип кеткен эмес, мисалы Казакстанга, Орусияга салыштырмалуу. Тезирээк реакция жасап турсак туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк бар бүгүнкү күндө.

XS
SM
MD
LG