Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Экономикасы өспөй калганын АКШ эми моюнга алды


Вашингтон. Федералдык банктын имараты
Вашингтон. Федералдык банктын имараты

Кошмо Штаттардын Экономикалык изилдөө боюнча Улуттук бюросунун эксперттер тобу өлкө экономикасында былтыр декабрда төмөндөө башталганын ырастады. 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан кийин АКШ ушуну менен 3-ирет экономикалык ири кризиске кабылды.

Улуттук изилдөө бюросунун адистери АКШда 6 жылдан бери уланып келаткан экономикалык өсүш токтоп, былтыр рецессия же төмөндөө башталган деген жыйынтыкка келишти. Топтун билдирүүсү эч кимди таң калтырган жок.

Дүйшөмбүдө АКШнын финансы министри Генри Полсон рецессия америкалыктар үчүн “чоң жаңылык” болбошу мүмкүн деп айткан эле:

-Мен жана бардыгыбыз эле экономика олуттуу түрдө басаңдап калганын билебиз. Америка эли муну көптөн бери билет деп ойлойм.

Экономикалык төмөндөө же рецессия эмнени билдирет? Адистер төмөндөө жөнүндө өлкөнүн Ички дүң продукту эки квартал бою ылдыйлаганда сөз кылса болот дешет.

Иш жүзүндө Кошмо Штаттардын Ички дүң продукту жылдын алгачкы жарымында өскөн. Бирок аналитиктер жазында өкмөт көбүрөөк акчанын сарпталышына түрткү бериш үчүн ашыкча жыйналган салыктарды кайтарганын белгилешет.

Андыктан Экономикалык изилдөө бюросу экономикалык активдүүлүктүн башка көрсөткүчтөрүн алып кароону сунуш кылат. Маселен, киреше жана жумушсуздук көрсөткүчтөрү былтыркы декабрдан бери ылдыйлаган.

Бир катар экономисттер жалпы төмөндөө кеминде эмки жылдын ортосуна чейин созулушу ыктымал деп болжолдошот. Андай болсо азыркы рецессия Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң узун болуп калмакчы.


АКШ администрациясы финансылык кризистин кесепеттерин жоюуу, экономиканы жандандыруу үчүн дагы кандай чара көрөөрүн ойлонуштуруп жаткан кез.

-Федералдык банктын жана башка мекемелердин аракеттерине карабай, АКШ экономикасы кыйын абалда кала берүүдө, - дейт борбордук банктын төрагасы Бен Бернанке.


Финансы министрлиги жана банк буга чейин бир катар олуттуу, радикалдуу чара көргөн эле. Өкмөт AIG жана Citigroup өңдүү ири камсыздоо компанияларын банкроттуктан сактап калды, 700 миллиард долларлык куткаруу планын кабыл алды.


Федералдык банк ошондой эле үстөк процентти 1 процентке чейин ылдыйлатты. Бул – 40 жылдан берки эң төмөн деңгээл.

Мындан тышкары борбордук банк узак мөөнөттүү кредиттердин үстөк процентин төмөндөтүү үчүн финанасы министрлигинин облигацияларын сатып алууну көздөөдө.

Айрым аналитиктер болсо мындай кадам акчанын көп басып чыгарылышына алып келет деп эскертишет. Адатта бул чындап эле инфляциянын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бирок Федералдык банк мындай жагдайда инфляциянын түздөн түз коркунучу азырынча жок деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG