Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Дүйнөлүк каржы кризисинин капшабы кыргызстандык мигранттарга тийип жатат


Екатеринбургдагы иш таштаган Тажикстандык гастарбайтерлердин арасында 6 кыргызстандык бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Турдали Орозбаев кабарлады. Анын айтуусунда үч айдан берки маянасын ала албай жаткан кыргызстандык мигранттардын маселеси чечилүү алдында турат. Башкы консулдун маалыматы боюнча каржылык кризистин айынан жумушунан ажыраган, айлык маянасын ала албаган мекендештер аймакта аз кездешет. “Болбосо Урал, Сибирь федералдык округунда кыргызстандык мигранттар эң көп. Биздин консулдук алар менен тыгыз байланышта, болгон маселелерин бизге кайрылып, чечип турушат,” дейт Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Турдали Орозбаев.

Дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу 500 миңден ашуун кыргызстандык мигранттардан өлкөгө келип жаткан акча каражаттары азая баштаганы айтылууда. Орусиянын расмий маалыматы боюнча январь айынан июнга чейин кыргызстандык мигранттар мекенине 700 млн доллардан ашуун каражатты банк аркылуу которушкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG