Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

СДП фракциясында социологиялык иликтөөлөр жыйынтыгы жарыяланды


Социал-демократиялык фракциянын бүгүнкү жыйынында ЮСАИДдин көмөгү менен Кыргызстанда социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн литвалык СИАР-Бишкек агенттигинин иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы ачыкталды. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү Мурат Жураев билдирди. Социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстан калкынын 42% экономикалык кыйынчылыктар, 35% табийгат кырсыктары, 33% улут аралык жаңжал, жарандык согуш тынчсыздандыраарын билдирген. Фракциянын жыйынында ошондой эле “Таза суу” долбооруна Азия өнүктүрүү банкы бөлө турган 30 миллион доллар, мөңгүлөрдүн сакталышына байланыштуу маселе да талкууланды.(AiT)

XS
SM
MD
LG