Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Урмат Акуновдун талабын сот канааттандырган жок


2007-жылдагы апрель митингисинин катышуучусу Бектемир Акунов Нарында милиция тарабынан кармалып, 2007-жылы 14-апрелде убактылуу кармоо жайында каза тапкан. Оппозиция өкүлдөрү Акунов милиция кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин каза тапкандыгын билдирген. Маркумдун уулу Урмат Акунов атасы саясий репрессиянын курмандыгы болуп калганын белгилеп, 1 миллион доллар төлөп берүүнү өкмөттөн талап кылып сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту арызды карап, аны жарым-жартылай канааттандыруу боюнча чечим кабыл алды. Сот тажыяга кеткен чыгымдар үчүн 490 миң сом, ал эми моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүнү чечти. Бул тууралуу адвокат Канат Жайлоев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG