Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

УТРКнын кызматкерлери нааразылык акциясына чыкты


Белгилүү журналист Ассоль Молдокматова башында турган Улуттук телердиокомпаниянын кызматкерлери Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтка нааразылык акциясына чыгышты. Алар УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабын коюшууда. “Биз президенттин кабыл алышын өтүнүп жатабыз. Эгерде биздин талап аткарылбаса ачкачылык акциясын баштоого да барабыз”, - деп белгиледи Молдокматова. Анын айтымында, нааразылык акциясына чыккандар аянтка бир боз үй тигишип, ал жерде күнү-түнү калышмакчы. Азыркы кезде акцияга чыккандардын саны 50 чакты киши жана күндүзү алардын саны көбөйүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG