Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Нааразылыкка чыккан УТРК кызматкерлерин таратуу аракети башталды


Улуттук телерадиокомпаниянын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен нааразычылык акциясына чыккандарды Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери таратуу аракетин көрүүдө. Белгилүү журналист Ассоль Молдокматова башында турган акциянын катышуучулары акция тууралуу мэрияга маалымат берилгенин айтышууда. Ал эми ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шаар бийлигинин митингдерди өткөрүү боюнча токтомунда боз үй тууралуу эч нерсе жазылбагандыктан алар тиккен боз үйдү чечүү талабын коюшту. Окуя болгон жерге Акыйткачы Турсунбек Акун да келип, токтомдо жазылбагандан кийин боз үй тигүү мыйзам бузуу катары каралбасын белгиледи. Бирок нааразылык чаранын уюштуруучулары УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов кызматтан кетпесе эртеңден баштап ачкачылык жарыялай тургандарын, айрымдары өзүн-өзү өрттөөгө чейин бараарын айтып жатышат. Бул нааразылык чара Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтта өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG